Эрктүүлүк, кайраттуулук үчүн Даңк! Президент бир катар жарандарды сыйлады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВручение государственных наград президентом Кыргызстана Алмазбеком Атамбаевым кыргызстанцам
Вручение государственных наград президентом Кыргызстана Алмазбеком Атамбаевым кыргызстанцам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медаль жарандардын кайраттуулугу, эрктүүлүгү жана оор турмуштук кырдаалда татыктуу жашоого жана эмгекке умтулгандыгы үчүн берилди.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын бир катар жарандарын Даңк медалы менен сыйлады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, медаль президенттин 28-декабрда кол койгон жарлыгына ылайык тапшырылган. 

"Талыкпас-Ата майыптардын коомдук бирикмесинин жетекчиси Турсунбек Абдылдаев, "Тумар" бий тобунун катышуучусу Адина Самыйбек кызы жана Ат-Башы районунун тургуну Рахатбек Үсөнкожоев Даңк медалы менен сыйланышты", — деп айтылат маалыматта. 

Медаль жарандардын кайраттуулугу, эрктүүлүгү жана оор турмуштук кырдаалда татыктуу жашоого жана эмгекке умтулгандыгы үчүн берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0