БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын бир катар жарандарын Даңк медалы менен сыйлады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, медаль президенттин 28-декабрда кол койгон жарлыгына ылайык тапшырылган.
"Талыкпас-Ата майыптардын коомдук бирикмесинин жетекчиси Турсунбек Абдылдаев, "Тумар" бий тобунун катышуучусу Адина Самыйбек кызы жана Ат-Башы районунун тургуну Рахатбек Үсөнкожоев Даңк медалы менен сыйланышты", — деп айтылат маалыматта.
Медаль жарандардын кайраттуулугу, эрктүүлүгү жана оор турмуштук кырдаалда татыктуу жашоого жана эмгекке умтулгандыгы үчүн берилди.