15:13 29 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.2015
  • EUR88.3099
  • RUB1.0318
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1060061

Күз узаганына карабай үлпөт тойлор күчөп турган маал. Ушундан улам калың каадасынын тарыхына токтолууну туура көрдүк.

Бирөө кызын турмушка узатып жатканын уксак, дароо эле "калыңы канча болуптур?" деп сурамай жайыбыз бар. Калыңдын негизги максаты эмнеде, эмне үчүн Таласта кыздын калыңы жогору бааланат жана чет өлкөдөгү этникалык кыргыздар калыңды кандай беришет деген суроолорго журналист Эламан Карымшаков жооп издеп көрдү. 

Калың кайдан келген түшүнүк? 

Профессор, этнограф Октябрь Капалбаев калың берүү каадасы тууралуу мындайча айтып берди. 

— Калың кыздын ата-энесине болгон сый-урматтын ченеми катары берилет. Кызын "канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай" эрезеге жеткирген, атанын эмгегин, эненин сүтүн баалаган ыраазычылыгы. Элибиз мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен калыңга тогуздап мал беришкен. 

Шартка жараша кээде эки уруу ортосунда ынтымакты орнотуу максатында да куда болушкан. Учурда таластык кыздардын калыңы кымбат деп жүрүшөт. Таласта көбүнчө саруу менен кушчу уруулары жашайт. Ал уруудан Бүргө баатыр, Кубат бий өңдүү көптөгөн баатырлар чыккан. Андыктан аларды баатырларды төрөгөн барктуу кыздар деп өзгөчө баалап, калыңын көп берүүдөн эч ким аянган эмес. Ошол жөрөлгө уланып отуруп, биздин муунга жетти. 

Калың Кыргызстандан сырткары башка боордоштордо 

Түркия, Кытай жана Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыздарда калың берүү каадасы кандай болоруна да кызыгып көрдүк. 

Ат-башылык кыргыз кызы Гүлзат Жумакова, кытайлык кыргыздарга келин болгон. Ал кайын журтунда кыздарды өзгөчө баалап, калыңы бир топ эле кымбат турарын айтып берди. 

— Ал жактын кээ бир тойлоруна катышып, кыздарын аябай баалап, салттарга бекем турушарын көрдүм. Калыңды аз бергени 50 миң юань (500 миң сом) болсо, алды 120 миң юанга (1,2 миллион сом) чейин жетет. Мындан сырткары, энеге сүт акы деп бир уй берилет. Кудалар алгач калыңды өткөрүп берип, анан үйлөнүү тойду белгилешет. Кыз узатуу тоюнда баланын ата-энеси келинине кийим-кече алып келип, сөйкө, шакегин тагып өзгөчө шаан-шөкөт менен алып кетет. Алардын артынан эле кыздын себи жөнөтүлөт. Себин бизге окшоп базардан алып берип койбой, өз колдору менен жасашат. Мисалга, он алтыдан төшөк, жууркан, жер төшөк, жаздык, бир жуп шырдак жана күнүмдүк турмушка керектелүүчү буюмдун бардык түрү берилет. Биз баш кошкондо эки жактын тең салтын айкалыштырып өткөргөнбүз. Турмуш курганыбызга тогуз жыл болду, төрт балабыз бар.

"Бириккин кыргыз" этникалык кайрылман кыргыздар коомунун жетекчиси Барно Эшаматова Өзбекстандагы кыргыздар калыңы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду. 

— Өзбекстандагы кыргыз жаштары көбүнчө ата-эненин макулдашуусу менен баш кошот. Бизде бешик куда болгон учурлар көп кездешет. Менин да инилерим менен эже-сиңдилеримди бала чагында эле кудалап коюп турмуш курушкан. Учурда кыз калыңына орто эсеп менен 30 миң сомдон кем эмес акча, 3-5 кой жана базардын алды болуп турган музоолуу уй берилет. Эгер музоосу жок же арык уй берилсе "кызыбыз начар жерге баратыптыр" деп болжошкон. Мындан сырткары, келинге баланын ата-энеси баштан-аяк 2-3 сыйра кийим алып бериши керек. Ал эми себине 12 жуптан кем эмес, жууркан, жаздык жана үй-тиричилигине керектелүүчү буюмдар, ийне-жипке чейин берилет. Колунда барлары эмерек, тиричилик техникаларын да кошуп берет. Ошондой эле күйөө балага да сөзсүз түрдө баштан-аяк кийим кийгизилет. Белгилей кетчү нерсе, бизде ажырашууну өтө уяттуу көрүнүш катары кабылдап, андай жолго баруудан намыстанып жашашат. 

4000 кыргыз жашаган Түркиянын Ван аймагында туулуп-өскөн Атилла Гүвен ал жакта калың берүү токтотулуп, сүт акы гана берилип калганын айтты.

— Кыз калыңына бири 2000 доллар сураса, экинчиси ага атаандашып андан көп сурап чектен ашып кеткен. Мындан улам 9-10 жыл мурун аксакалдар кеңешип бирдиктүү чечим чыгарышкан. Ага ылайык калың берүү токтотулуп, анын ордуна энеге сүт акы деп 1000 доллар бериле турган болгон. Төрт түлүк мал дагы берилбей калды. Ал эми кыздын ата-энеси шартына жараша сеп берет. 

Кыргызстандын жети дубанында кызга берилүүчү калың сурамжылоонун негизинде орто эсеп менен төмөндөгүдөй болорун аныктадык.

  • Нарын — баш атынан тышкары 100-130 миң сом;
  • Чүй — 80-100 миң сом; 
  • Ош, Жалал-Абад — 100-130 миң сом; 
  • Баткен — 90-100 миң сом; 
  • Ысык-Көл — 70-100 миң сом; 
  • Талас — 160-180 миң сом;

Тема боюнча

Жети облустагы калыңдын баасы кандай?
Кредитке алынган келиндер — насыя тууралуу олуттуу маек
Юрист: 70 миң сом калыңды кызына алдатып жиберген бала акчаны кайтаруудан баш тартты
Белгилер:
калың, кыргыз, Талас

ЭҢ МААНИЛҮҮ