БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстандык адистер башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен бекер камсыздоо боюнча Индияда тажрыйба үйрөнүп жүрөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондусунан сайтына маалымат илинди.
Бул иш "Кыргызстандагы мектептерде ысык тамак менен камсыздоо боюнча мамлекеттин саясатын алдыга жылдыруу" долбоорунун алкагында жасалууда.
"Бул жаатта Индиянын эбегейсиз тажрыйбасы бар. Ал ар кыл кептердин жана пикирлерди, кайсы бир деңгээлде таң калууну жараткан", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандыктар алгачкы күнү, тагыраагы кечээ Адам ресурстары министрлигинде болуп, бир топ маалыматтарды алган.
Делегация Индияда дагы бир жума болуп, аталган тармакта иш алып барып жаткан мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын иш-тажрыйбасы менен таанышып, үйрөнмөкчү.