Чаткалдагы Кара-Буура ашуусу май айына чейин жабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдо бараткан унаанын архивдик сүрөтү
Жолдо бараткан унаанын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кардын жаашы адам өмүрүнө коркунуч жараткан.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Чаткалдагы Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолундагы Кара-Буура ашуусу жабылганын ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда ашуу үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан келерки жылдын 1-майына чейин жабылды. 

"Буга тоолуу аймактардагы жаан карга айланып кеткендиги себеп болду", — деп айтылат маалыматта. 

Кардын жаашы адам өмүрүнө коркунуч жараткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0