ТИМ Батыровдун ЕККУдан сүйлөгөнүн кескин сынга алды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү
Кадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадыржан Батыров Жалал-Абад шаарынын соту тарабынан 2010-жылдагы июнь окуяларын уюштурууга күнөөлүү деп табылып соттолгон.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. КРдин Тышкы иштер министрлиги Кадыржан Батыровдун Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунда сөз сүйлөгөнүн кескин сынга алат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

ТИМ 20-сентябрь күнү Батыров аталган бюродо сүйлөп, Конституциянын өзгөрүшүнө каршы болуп, анын өлкөдөн чыгып кетиши тууралуу жаңы кылмыш иши козголушуна нааразы болгонун айткан. 

Министрлик КРдин соттору Батыровду 2010-жылдын июнь айындагы Ош коогалаңын уюштурган адам катары күнөөлүү деп тапканын баса белгилейт. 

"Көп жылдан бери Батыров тынчтыкты жана стабилдүүлүктү бузууга аракет кылып келген. Кыргыз эли жана этникалык өзбектер аны Ош коогалаңын уюштуруучулардын бири катары билет. Ал жаза тартпай, качып кетүүгө үлгүргөн. Кыргыз Республикасы улуттар аралык араздашууга себепкер болуп, бир нече жылдан бери издөөдө жүргөн адамдын эл аралык уюмдун аянтчасында сүйлөгөнүн кескин сынга алат", — деп айтылат маалыматта. 

Эске сала кетсек, Кадыржан Батыров Жалал-Абад шаарынын соту тарабынан 2010-жылдагы июнь окуяларын уюштурууга күнөөлүү деп табылып, үй мүлкүн конфискациялоо менен сыртынан соттолгон. Анткен менен Жогорку Кеңештин мурунку депутаты өлкөдөн качып кетүүгө үлгүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0