19 жаштагы КР сулуусу өлкө намысын Рrincess of the Globe конкурсунда коргойт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСулуулар сынагынын катышуучулары, архивдик сүрөт
Сулуулар сынагынын катышуучулары, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөнүн 24 мамлекетинен келген сулуулар Түркиянын Бодрум шаарында күч сынашат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. 19 жаштагы Бегимай Назарова Рrincess of the Globe/Universe & Рhotomodel of the Universe – 2016 эл аралык деңгээлдеги кадыр-барктуу конкурста Кыргызстандын атынан катышат. Бул тууралуу конкурстун Facebook социалдык тармагындагы расмий баракчасында жарыяланды.

☘☘☘

Фото опубликовано @begimain Июл 4 2016 в 6:52 PDT

Дүйнөнүн 24 мамлекетинен келген сулуулар Түркиянын Бодрум шаарында сулуулук, назиктик, акылгөйлүк боюнча таймашат. Конкурстун финалы 4-октябрда Titanic Deluxe Bodrum мейманканасында өтөт.

"Корея" стайл😂😂😂😂

Фото опубликовано @begimain Июн 26 2016 в 5:19 PDT

Дүйнөлүк конкурстун уюштуруучулары катышуучуларды социалдык тармактагы активдүүлүгүнө карап тандашат. Назарованы Кыргызстандагы Instagram социалдык тармагын колдонуучулардын арасынан көрүп, чакырышкан.

👙🐬🌊 #WLBF#PRINCESSOFTHEGLOBE#

Фото опубликовано @begimain Сен 25 2016 в 8:39 PDT

Бегимай Назарова Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында акыркы курста окуйт. Хореография менен алектенип, кайрымдуулук уюмдарында ыктыярчы да болуп иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0