02:00 23 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3135
  • RUB1.0964
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү

Москва: Атамбаевдин алын сурап барууга кыргызстандыктардын көбү даяр турат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы (24)
142422

КР президенти Алмазбек Атамбаев Москвага дарылануусун улантуу үчүн 23-сентябрда учуп келген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ден соолугун чыңдоо үчүн Түркиядан Москвага учуп келген өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин абалына кабатырланып жаткан мекендештердин саны көп экенин Москва шаарында жашап иштеп жаткан мекендешибиз Жылдыз Осмонова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске салсак, Атамбаев 19-сентябрь күнү Нью-Йоркто өтүүчү БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясына баратып, Стамбулдан өзүн жаман сезип, аны тез жардам алып кеткен. Андан соң Түркиянын Измир шаарындагы мейманканалардын бирине жайгашкан. Ал эми 23-сентябрда өлкө башчысы ден соолугун чыңдоо үчүн Москва шаарына учуп келген болчу.

Президенттин Москвага келгенин уккан мекендештер анын ал-абалын сурап, барып көрүп коюуга ынтызар экендиктерин билдиришкен. Осмонова өзүнүн Facebook баракчасына президенттин эртерээк сакайып кетишине тилектеш экенин айтып, мекенден алыс жүргөндө мекендештеринин колдоосун сезүү абдан маанилүү экендигин жазып, бир баштык жер-жемиш берүүгө даяр экенин билдирген.

Осмонова бул билдирүүдөн кийин ага Москва шаарында иштеп жаткан көптөгөн кыргызстандыктар кайрылганын айтты.

"Москвадагы кондитердик цехтердин биринде иштеген Рустам аттуу мекендешибиз президентибизге берип койчу деп таң атпай үйүмө пирог алып келиптир. Андан сырткары, Элина аттуу жараныбыз "пряниктерди ала кетчи, мен дем алышсыз иштеп жатам" деп суранса, италиялык ресторанда башкы ашпозчу болуп иштеген Нурболот "эмне тамак жасап берейин" деп чалып сурашты", — деди ал.

Осмонова ага көп киши чалып, жазып "качан барабыз, эмне алып алсак болот" деп кайрылышканын белгилеп, тилекке каршы, тийиштүү кишилер менен байланышканда алар президентке жолугууга мүмкүн эместигин айтканын кошумчалады.

Тема:
Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы (24)

Тема боюнча

Президент Атамбаев дарылануусун улантуу үчүн Түркиядан Москвага келди
Атамбаев Түркиядагы чыгымдарын өз чөнтөгүнөн төлөп жатат
Белгилер:
ден соолук, мигранттар, Жылдыз Осмонова, Алмазбек Атамбаев, Москва

ЭҢ МААНИЛҮҮ