Ала салган маршрутка: ишкана айдоочунун тажрыйбасы эки жылдан ашарын айтты

© Sputnik / Актан ТемиркановШабдан баатыр көчөсүндөгү "Форумдун" жанынан аласалып кеткен маршруттук такси
Шабдан баатыр көчөсүндөгү Форумдун жанынан аласалып кеткен маршруттук такси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан улам маршруттук такси ала салып, тогуз жүргүнчү жабыркаган. Анын ичиндеги бир жаш кыздын колун кесүүгө туура келген.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жүргүнчүлөрү менен жол кырсыгына кабылган маршруттук таксиге ээлик кылган "Мейкин" ишканасы айдоочуну жумушка кабыл алууда эч кандай мыйзам бузууга барбаганын билдирди.

Бишкекте маршруттук такси ала салып, жети киши жабыркады - Sputnik Кыргызстан
Үрөй учурган жол кырсыгы. Бишкекте жүргүнчү ташыган маршрутка ала салды
Эскерте кетсек, шаршембинин түнүндө Шабдан баатыр көчөсүндөгү "Форумдун" жанынан маршруттук такси аласалып кеткен. Ичиндеги тогуз жүргүнчү жабыркап, бир жаш кыздын колун кесүүгө туура келген.

Кийинчерээк Кайгуул милициясы эки жылдык гана тажрыйбасы бар айдоочуну жумушка алган ишкананын аракетине юридикалык баа берүү боюнча прокуратурага кайрылып жатканын маалымдаган. Ал эми мыйзам боюнча атайын унаада жүргүнчү ташууга кеминде 4 жылдык тажрыйбасы бар айдоочуга гана укук берилет.

"Эки жыл мурун D категориясына ээ болуптур. Ал эми айдоочулук күбөлүктү 2012-жылы алган экен. Биз аны жумушка алып, эч кандай мыйзам бузган жокпуз. Бизге чейин жигит башка жүргүнчү ташуучу фирмада 1,5 жыл иштептир", — деди "Мейкин" ишканасынын директору Мелис Кудайбергенов.

Наезд на пешеходов с участием джипа Infiniti в юго-западном кладбище столицы - Sputnik Кыргызстан
Көрүстөндүн жанынан жол тандабас аялды эки баласы менен коюп кетти
Учурда ала салып кеткен маршрутканын айдоочусу 28 жаштагы жигит экени белгилүү болду. Ага карата Кылмыш жаза кодексинини 281 беренесинин 2 бөлүгү боюнча (Транспорт каражатын айдаган адам тарабынан транспорт каражаттарынын кыймылынын жана пайдалануунун коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам жабырлануучунун саламаттыгына оор зыян келтирүү) кылмыш иши козголду. Аталган беренеде 5 жыл эркинен ажыратуу каралган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0