Алмазбек Атамбаев 10 күнгө эмгек өргүүсүнө чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР президенти Нью-Йоркко бара жатканда жүрөк тушу ооруп, Стамбулдагы аэропортко шашылыш конгон.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 20-сентябрдан 1-октябрга чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ажо Атамбаевдин буга чейин ооруган учурлары. Жасалган операциялар
Эске салсак, Кыргызстандан Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясынын кезектеги жыйынына бараткан учурда президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлаганынан улам делегация Стамбулга конууга аргасыз болуп, медициналык алгачкы кароо жасалган болчу.

Кыргызстандык делегацияны АКШга тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектеп кетти.

Медициналык кароодон өткөндөн кийин ал Стамбулдагы мейманкалардын бирине токтогон эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0