23:30 09 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR84.5647
  • RUB1.0428
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)
127 0 0

Буга чейин Армениянын өкмөтү Көчмөндөр оюндарына катышкан спортчуларды өз алдынча кетти деп айыптап, жазага тартарын айткан.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Армениянын таяк тартыш жана белбоо күрөшү боюнча спортчулары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы өткөрүлгөн дүйнөлүк чемпионатка чакырылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ДКО катчылыгындагы спорт коордунатору Белек Үсөнбеков билдирди. 

Эске сала кетсек, буга чейин Армения спортчулары Көчмөндөр оюндарына өз алдынча кеткендиги, алар жазалана тургандыгы тууралуу маалымат тараган. 

Үсөнбековдун айтымында, Армения спортчулары эл аралык федерациялар аркылуу чакырылган. 

"Биз эл аралык федерациялар менен сүйлөшүп, Көчмөндөр оюндарынын алкагында дүйнө биринчилигин өткөрүүгө макулдашканбыз. Ошондуктан Көчмөндөр оюндарына көп өлкө катышты. Анткен менен федерациялар спортчулар чемпионатка кетип жаткандыгы тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берүүсү керек болчу", — деди Үсөнбеков. 

Церемония закрытия Всемирных игр кочевников на ипподроме в Иссык-Кульской области
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
ДКОнун расмий сайтында армениялык спортчулар эки күмүш жана бир коло медаль алганы тууралуу маалымат жайгаштырылган. 

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары 3-8-сентябрда 62 өлкөнүн спортчуларынын катышуусу менен өттү. Бардыгы болуп улуттук спорттун 26 түрү боюнча 387 медаль ойнотулган. Алар 111ден алтын жана күмүш, 165 коло медаль болду.

Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)

Тема боюнча

Армениялык спортчулар Көчмөндөр оюнуна катышканы үчүн жазаланат
Көчмөндөрдүн көз талдырган оюну чет элдик сүрөтчүлөрдүн көзү менен
Белгилер:
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Кыргызстан, Армения

ЭҢ МААНИЛҮҮ