БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Өткөн аптанын башында өзбек милициясынын десанты Үнкүр-Тоого келип түштү. Андан соң алар телемунарада иштеген төрт кыргызстандыкты кармап Өзбекстандын Яңги-Курган РИИБине алып келишкен.
Милиционер бошотулуп, бирок кыргыз милициясы тарабынан акчалай айып салынган. Кыргызстан ошондой эле Өзбекстандын ИИМ кызматкерлери келип конушу боюнча түшүндүрмө берүүнү, эки өлкөнүн ортосунда азырынча талаштуу болуп турган аянттан аларды токтоосуз чыгарып кетүүнү талап кылды.
Кыргызстандын телесунарасынын кызматкерлери кармалгандан кийин Чек ара кызматы аларды мекенине кайтарып берүү талабын койгон.
Сырттан көз караш…
Саясат таануучу, КМШ институтунун Орто Азия жана Казакстан бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозин кыргыз-өзбек чак арасындагы абалдын өзү эмес, ага карата жасалган көндүм мамиле коркунучтуу деп эсептейт.
"Өзүңөр ойлоп көргүлө. Чыр-чатактуу жагдайлар тез-тез кайталанып жатканы үрөй учурат. Эгер эгемендүүлүктүн алгачкы мезгилинде күнүмдүк тиричилик деңгээлиндеги болор-болбос, тез эле жазылып кетчү кагылышуулар болсо, эми буга күч түзүмдөрү да тартылып жатат. Мындан тышкары, курч жагдайлар улам узакка созулуп баратышы кооптондурат", — деди Грозин.
Ал көйгөйлөрдүн чечилбей, чыр-чатак менен улана бериши Африкадагы чек ара согуштарына окшогон абалды жаратышы мүмкүн экенин, бул абдан кооптуу көрүнүш экенин белгиледи.
Саясат таануучунун пикиринде, Кыргызстандын ЕАЭБне кошулушу чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин өзүнөн өзү тездетиши керек эле, себеби Кыргызстандын чек арасы ЕАЭБдин тышкы чек арасына айланып отурат.
"Тилекке каршы, бул процесс ордунан козголо элек. Бирок эгер Тажикстан ЕАЭБге кирем десе, анда чек ара маселеси өзүнөн өзү жоюлат. Өзбекстан менен маселе татаалыраак, бул жерде жогорку деңгээлдеги гана чечим кабыл алынышы керек", — деди эксперт.
Ал, эгер, чыр-чатак чыгып кетсе, ЖККУнун тынчтык орнотуучулары аны жөнгө салууга катыша турганын, бирок эки өлкөнүн ички ишине кийлигишпей турганы анык деп белгиледи.
"Ошол эле учурда чыр-чатактын очогун басуу үчүн Россия колдон келгенин жасайт. Бул биринчи кезекте аймакта коопсуздукту камсыз кылуудагы анын улуттук кызыкчылыгынын башында турат", — деди саясат таануучу. Грозин эки тараптын эрки гана чек арадагы абалды жакшыртуунун башаты боло ала турганын баса белгиледи.
…жана ички көз караш
Кыргыз саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, Үңкүр-Тоодогу жана башка талаштуу жерлердеги кырдаал курчуп кетпейт. Анда-санда саясий ак сөөктөрдүн "тынчтыгын" козгоп коюп, ушинтип илээшкен абалда кала берет.
"Мында жогорку деңгээлдеги тийиштүү документтерге кол коюусуз аймак тиги же бул тарапка тиешелүү болбой турганын түшүнүү керек. Бирок иш жүзүндө мурунку жетекчилик жетишкен жумушчу келишимдер процессти татаалдатат. Баарын макулдашуу аркылуу чечкенден башка жол жок", — деди Сариев.
Анын пикиринде, кыргыз-өзбек чек арасындагы катаал абал кыргыз бийлигинин 25 жыл бою алсыз жана кыраакылыксыз жүргүзгөн тышкы саясатынын натыйжасы болуп эсептелет.
Анын айтымында, президент Атамбаев үчүн азыркы кырдаал Конституцияны өзгөртүү аракеттери менен кошо өлкөдөгү абалды солгундатуу коркунучун жаратат. Ошол эле учурда мамлекет башчысы кырдаалды териштирүүнү ТИМге тапшыруу менен жөн гана соккуну убактылуу башка жакка буруп койду белгиледи ал.
"Ооба, маселе оор жана аны саясий эрк менен гана ордунан козгоого болот. Атамбаев кандай чара көрөрү белгисиз. Бирок президенттик шайлоо алдында өлкөдөгү кыйынчылыктарды анын оппоненттери пайдаланып калары бышык", — деди Сариев.
Ал эмнеси болсо да кырдаал тынчтык жолу менен жөнгө салынып, сүйлөшүүлөр мазмундуу нукта уланарына үмүтү бар экенин баса белгиледи.
Күч кызматкеринин пикири
Кыргызстан элдери ассамблеясынын жетекчиси, буга чейин өлкөнүн күч түзүмү жагында вице-премьерлик кызматта турган Токон Мамытов чек ара меселеси боюнча өтө этият кеп кылуу керектигин түшүндүрдү.
"Бул өтө кылдат тема, андыктан тыкан иштеп чыгууну талап кылат. Президент качанкы бир кезде кол коюлган протоколдордун баарын талдап чыгууну тапшырганы өтө чоң мааниге ээ. Ошол маалыматтардын негизинде кийинки иштер жүргүзүлөт. Бирок бул карапайым эл элестеткенден бир топ оор иш", — деди Мамытов.
Ал Үңкүр-Тодогу абал биринчи кезекте чыдамдуулукту жана укук чегиндеги ишти талап кыларын белгилеп, курулай мекенчилдерди ойлонулбаган аракеттерден алыс болууга чакырат.
Де-факто
Кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1 378 чакырым, анын 1 058и аныкталган. Бүгүнкү күндө 58 жер аянтындагы 324 чакырымдык чек ара талаштуу бойдон калууда. Тажикстан менен Кыргызстандын жалпы чек арасы 970,8 чакырым, анын 519у гана макулдашылган, калган 451 чакырымы талаштуу болуп эсептелет.