16:57 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасаган сапарында Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушунда

Өкмөт башчы Жээнбеков Балыкчыдагы курулуп жаткан жолдун сапатына эскертүү берди

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
77 0 0

Премьер II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата бардык даярдыктарды белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасаган сапарында Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушундагы кемчиликтерди белгилеп, жумуштун сапатына көңүл бурууну эскертти. Андан ары Кырчын жайлоосуна барып, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты текшерди.

  • Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасагансапарында Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушундагы кемчиликтирди белгилеп, жумуштун сапатына көңүл бурууну эскертти.
    Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасагансапарында Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушундагы кемчиликтирди белгилеп, жумуштун сапатына көңүл бурууну эскертти.
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
  • Андан ары Кырчын жайлоосуна барып, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты текшерди.
    Андан ары Кырчын жайлоосуна барып, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты текшерди.
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
  • Өкмөт башчы алгач, Балыкчы шаарындагы Жусуп Абдрахманов атындагы борбордук көчөнүн курулуш иши менен таанышып, кетирилип жаткан кемчиликтерди көрсөттү.
    Өкмөт башчы алгач, Балыкчы шаарындагы Жусуп Абдрахманов атындагы борбордук көчөнүн курулуш иши менен таанышып, кетирилип жаткан кемчиликтерди көрсөттү.
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
1 / 3
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасагансапарында Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушундагы кемчиликтирди белгилеп, жумуштун сапатына көңүл бурууну эскертти.

Өкмөт башчы алгач, Балыкчы шаарындагы Жусуп Абдрахманов атындагы борбордук көчөнүн курулуш иши менен таанышып, кетирилип жаткан кемчиликтерди көрсөттү. Жол четине тосмолордун сапатсыз коюлганын өзү басып барып көрсөтүп, кемчиликтерди жоюп, аткарылган жумушту сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Андан ары Тамчы айылында жайгашкан Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жол тилкесинин курулуш иштеринин  жүрүшү  менен таанышты.

Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров аталган тилекедеги (Тамчы айылындагы аэропорттон  Чолпон-Ата шаарына чейин) жумуш пландаштырылгандай, 2016-жылдын 28-августунда бүткөрүлөрүн дагы бир ирет маалымдады.

Ал эми Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушу 2017-жылдын августунда толугу менен бүткөрүлүшү керектигин кошумчалады.

Өкмөт башчы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттук ат оюндары жана майрамдык иш чаралар өтүүчү Кырчын жайлоосуна барды. Ал жерден 28-августка чейин Кырчын жайлоосундагы этно шаарчанын орун алышына байланышкан бардык маселелерди чечүүнү белгиледи.

Премьер-министр тийиштүү министрлик жана ведомстволорго II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата бардык даярдыктарды белгиленген мөөнөттө  бүткөрүүнү тапшырды.

Андан соң Жээнбеков  Бактуу-Долоноту айылындагы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата салынып жаткан ат майданын текшерди.

Тема боюнча

Жээнбеков жол курулушун жана Көчмөндөр оюнуна даярдыкты текшерүү үчүн Көлгө кетти
Белгилер:
эскертүү, жол, Сооронбай Жээнбеков, Чолпон-Ата, Корумду, Балыкчы
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ