Эки жыл мурун жолго чыккан кытай кербенчилери Бишкекке келет

© AFP / ARIF ALIКербен. Архив
Кербен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төө, ат менен сапарга чыккан "орто кылымдын соодагерлери" 2014-жылы Пекин шаарынан аттанган.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Эки жыл мурун Кытайдан сапарга аттанган Маданият жана шериктештик кербени Бишекке келет. 

Аталган кербен план боюнча Рим шаарына (Италия) чейин барып, бул окуя 2019-жылы болору күтүлүүдө. Муну менен соодагерлер Улуу Жибек Жолун толугу менен басып өтүүгө ниеттенип жатышат. 

Жирафтар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Африкадан 63 жирафты Кытайга учак менен ташып келишти
Төө, аттар менен жолго чыккан "орто кылымдын соодагерлери" 2014-жылы Пекин шаарынан аттанган. 

Караван Кыргызстанды август айынан сентябрга чейин аралайт. Иш-чаранын катышуучулары калктуу конуштар аркылуу жөө өтүп, Көчмөндөр оюнунун алкагында "Кырчын" жайлоосунда боло турган маданий иш-чарага катышат.

Кербендин жүрүшүндө маданий иш-чаралар өтүп, "Шэньси Цзин Шэн Юй Фу" чай корпорациясынын эң мыкты чайларынан даам татып көрүүгө болот.

Кербендин курамында чыгармачыл топтор, автоунаа жана атайын техника, алачык лагери, талаа ашканасы, 54 төө жана 10 ат бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0