Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда түз авиакаттам ачуу пландалып жатат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКонуп жаткан учак. Архив
Конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Авиабайланыш тууралуу макулдашууга эки өлкөнүн өкмөтү кол коюп, Жогорку Кеңеш кабыл алгандан кийин аны президент ратификациялаган.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Кувейт өкмөттөрүнүн түз аба каттамы тууралуу макулдашуусун ратификациялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Макулдашууга тараптар 2015-жылдын аягында кол койгон, ал эми үстүбүздөгү жылдын 30-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

"Макулдашуу эки тараптуу саясий, экономикалык, маданий кызматташуунун өнүгүүсүн шарттайт. Бул өз кезегинде эки өлкөнүн ортосунда түз авиакаттам ачууга негиз берет", — деп айтылат билдирүүдө. 

Документте авиахаб түзүү долбоорунун алкагында каттамдардын географиясын кеңейтүү боюнча эки өлкөнүн кызыкчылыгы эске алынганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0