Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий бекитти

© Sputnik / Табылды КадырбековАк калпак күнүн белгилөө майрамынын катышуучусу. Архив
Ак калпак күнүн белгилөө майрамынын катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш жылдан бери майрамдалып келген ак калпак күнү буга чейин расмий катталган эмес.

БИШКЕК, 29-июн. – Sputnik. Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп белгилөө жөнүндө токтомду жактырды.

Краснодарда таразага түшүү аземинде Рой Жонс (кичүүсү). Архив - Sputnik Кыргызстан
Юрий Гагаринден Рой Жонско чейин. Ак калпак мырзаны көркүнө чыгарат
Токтомду депутат Тазабек Икрамов демилгелеп, аны 80 депутат колдоого алды.

Ак калпак майрамы 2011-жылдан бери майрамдалып келет. Анткен менен расмий майрам каттары катталган эмес. Аны буга чейин Маданият министрлиги да расмий белгилөөнү сунуштаган болчу.

5-мартты ак калпак күнү деп белгилөө демилгеси режиссер Рыспек Жабировго таандык.

Ак калпак жөнүндө кеңири маалыматты Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүздөр>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0