Майыптар: бизге бөлүнгөн үйлөрдү алты саны амандар алууда

© Sputnik / Эркин АлымбековАзиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү дүйшөмбүдөн тарта Ак үй алдында митингте
Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү дүйшөмбүдөн тарта Ак үй алдында митингте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте көрүү жана угуу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар Ак үй алдында митингге чыгышты. Алар майыптар үчүн курулган үйлөрдүн калыстык менен бөлүнүүсүн талап кылышууда.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү дүйшөмбүдөн тарта Ак үй алдына митингге чыгып, батирлерди бөлүштүрүүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган коомдун төрагасы, азиз, биринчи топтогу майып Алтынбек Тобокел уулу билдирди. 

© Sputnik / Эркин АлымбековАзиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү дүйшөмбүдөн тарта Ак үй алдына митингге чыкты.
Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү дүйшөмбүдөн тарта Ак үй алдына митингге чыкты. - Sputnik Кыргызстан
1/6
Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү дүйшөмбүдөн тарта Ак үй алдына митингге чыкты.
© Sputnik / Эркин АлымбековАлар батирлерди бөлүштүрүүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылышууда.
Алар батирлерди бөлүштүрүүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылышууда. - Sputnik Кыргызстан
2/6
Алар батирлерди бөлүштүрүүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылышууда.
© Sputnik / Эркин Алымбеков2008-жылдан бери республикалык бюджеттен көрүүсү жана угуусу начар жарандар үчүн 225 батир курулган.
2008-жылдан бери республикалык бюджеттен көрүүсү жана угуусу начар жарандар үчүн 225 батир курулган. - Sputnik Кыргызстан
3/6
2008-жылдан бери республикалык бюджеттен көрүүсү жана угуусу начар жарандар үчүн 225 батир курулган.
© Sputnik / Эркин АлымбековАк үй алдына митингге чыккан азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү
Ак үй алдына митингге чыккан азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү - Sputnik Кыргызстан
4/6
Ак үй алдына митингге чыккан азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү
© Sputnik / Эркин АлымбековАк үй алдына митингге чыккан азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү
Ак үй алдына митингге чыккан азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү - Sputnik Кыргызстан
5/6

6/6
Ак үй алдына митингге чыккан азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү
1/6
Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү дүйшөмбүдөн тарта Ак үй алдына митингге чыкты.
2/6
Алар батирлерди бөлүштүрүүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылышууда.
3/6
2008-жылдан бери республикалык бюджеттен көрүүсү жана угуусу начар жарандар үчүн 225 батир курулган.
4/6
Ак үй алдына митингге чыккан азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү
5/6
Ак үй алдына митингге чыккан азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү
6/6
Ак үй алдына митингге чыккан азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү

Анын айтымында, 2008-жылдан бери республикалык бюджеттен көрүүсү жана угуусу начар жарандар үчүн 225 батир курулган.

"Бирок мындан биздин жетекчилик гана пайда көрдү. Андан да бул алардын экинчи, үчүнчү турак жайы. Керек болсо коомдун төрагасы Калык Мамбетакуновдун туугандары да үйлүү болушту. Жаңы турак жайга ээ болгондордун арасында коомубуздун алдындагы ишкана жетекчилери бар. Алардан сырткары, алты саны аман катчы жана вице-президент да аталган үйдөн батирлүү болду", — деди Тобокел уулу.

Ал батирлердин адилетсиз бөлүштүрүлүшү боюнча бардык инстанцияга — соттордон баштап Жогорку сотко чейин кайрылганын айтып, эч натыйжага жетишпегенин белгилейт.

"Эми биз президентке кайрылып, чоң ишеним артып турабыз. Турак жай алуунун мыйзамдуулугун текшерген комиссия түзүлүшүн талап кылабыз", — деди ал.

Тобокел уулу мындай көйгөйлөр 90 батир курулган Ош менен Жалал-Абадда да бар экенин белгилейт.

Өз кезегинде Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Калык Мамбетакунов өзү да, коомдун жетекчилиги да батир албаганын билдирди. Анын айтымында, Мамбетакуновдун турак жайды бөлүштүрүүгө укугу жок, төрага болгону профсоюз менен ишкана жамааттарынын чечимдерин бекитип берет. 

"Нормативдерге ылайык, коомдо майыптардын саны 51 пайыздан кем болбош керек, бирок бизде алар 75 пайыздан ашык. Совет доорунда батирлердин 55 пайызын майыптар алышы керек болчу. Азыр биз жобону өзгөртүп, батирлердин 90 пайызын майыптар алса, 10 пайызын гана дени сактар алууда", — деди ал.

Мамбетакунов батирлердин саны ага муктаж болгондордун санынан бир топ эле аз экенин айтат. Ошондой эле митингге чыккандардын айрымдары дагы батир алыш үчүн үйү бар экенин жашырууда.

Борбор калаадан батир сатып алуунун кыйынчылыгы боюнча Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0