Кызмат учурунда каза тапкан милиционерлер жыл сайын эскерилмей болду

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКаза болгондордуу эскерүү учурунда ок атуу. Архив
Каза болгондордуу эскерүү учурунда ок атуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр Мелис Турганбаев 15-май кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерин эскерүү күнү деп жарыялады.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кызмат учурунда өз милдетин өтөп жатып баатырларча курман болгон милиция кызматкерлерин эскерүү датасы белгиленди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Президент Алмазбек Атамбаев Улуу жеңиштин 71 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасында - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: бейкүнөө адамдар өлүп, тынчтыктын мааниси жүз эселеп өсүп турган чак
Маалыматка ылайык, ички иштер министри Мелис Турганбаевдин буйругу менен 15-май эскерүү күнү деп жарыяланды. 

Буга ылайык, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы курман болгон кызматкерлерди эскерүү, алардын жакындарынан кабар алуу жана материалдык жардам көрсөтүү жумуштарын баштаган. 

Мындан сырткары, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын имараты менен райондук ички иштер бөлүмдөрүндө каза болгон кызматкерлердин ысымдары илинди.

Жаңылыктар түрмөгү
0