10 жылдык, 20 жылдык… Ысыраптан соопчулукка баш коё баштаганда

© Тимур НиязакуновАк-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында томолой жетим бир туугандарга курулуп жаткан үй
Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында томолой жетим бир туугандарга курулуп жаткан үй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жыл сайын мектепти бүтүрүп кеткендер 10, 20, 30 жылдык дегенди белгилейт. Адатта шаан-шөкөт 4-5 күнгө созулуп, ысырапкорчулук ашынып кетчү. Акыркы 3-4 жылдан бери бул иш-чаранын нугу өзгөрүп, жүрөк жылытарлык иштер жасалып жатат.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жакынкы күндөрү алыскы Ак-Талаадагы томолой жетим төрт бала заңгыраган үйлүү болсо, Бакай-Атадагы дагы бир айылда жети балалуу жалгыз бой эне жаңы тамда жашап жатат. Ал эми Нарын районундагы Дөбөлү айылында кары-жаш дебей жаңы спорт зал майдын аягында ачылат деп күтүп турушат.

Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы окуяга коомчулук ыраазычылыгын билдирип, кээ бирлери толкундаганынан көз жашын да тыя алышкан жок.

© Тимур НиязакуновЖакшы иштин демилгечилеринин бири Марлес Апилов үйдүн келечектеги ээси – Бакдөөлөт жана Нурдөөлөт менен
Строительство дома для круглых сирот в селе Жаңы-Талап Ак-Талинского района  - Sputnik Кыргызстан
Жакшы иштин демилгечилеринин бири Марлес Апилов үйдүн келечектеги ээси – Бакдөөлөт жана Нурдөөлөт менен

Байымбет атындагы орто мектепти мындан жыйырма жыл мурда бүтүргөн жигиттер азыр сөздүн түз маанисинде тер төгүп иштеп жатышат. Алар бир нече жыл мурда атасы, ал эми былтыр апасы автокырсыктан каза болуп, анын үстүнө үйсүз калган бир туугандарга үй тургузуп беришүүдө.

Бул туурасында демилгечилердин бири, учурда Бишкек шаарында Социалдык фондуда иштеген Тимур Ниязакунов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди. 

"Иштин" баары кышында башталыптыр 

"Декабрда үйгө барсам, айылдагы классташ балдар ата-энесиз жана үйсүз калган төрт балага там куруп берүү боюнча ойду айтышты. Кеңешип, соопчулук кылалы деген бир чечимге келдик. Алгач айыл өкмөттөн жер бөлдүрүп алдык. Анан жаз алды менен апрелден тарта фундаментин куюп, иш башталды", — деди Ниязакунов. 

© Тимур НиязакуновБайымбет атындагы орто мектепти мындан жыйырма жыл мурда бүтүргөн жигиттер азыр сөздүн түз маанисинде тер төгүп иштеп жатышат
1/3
Байымбет атындагы орто мектепти мындан жыйырма жыл мурда бүтүргөн жигиттер азыр сөздүн түз маанисинде тер төгүп иштеп жатышат
© Тимур НиязакуновАлар бир нече жыл мурда атасы, ал эми былтыр апасы автокырсыктан каза болуп, анын үстүнө үйсүз калган бир туугандарга үй тургузуп беришүүдө
2/3
Алар бир нече жыл мурда атасы, ал эми былтыр апасы автокырсыктан каза болуп, анын үстүнө үйсүз калган бир туугандарга үй тургузуп беришүүдө
© Тимур НиязакуновБул ак пейил жигиттердин демилгеси көптөрдүн жүрөгүн жибитип, жергиликтүү усталар тамдын дубалын жарым баасына тургузуп беришиптир.
3/3
Бул ак пейил жигиттердин демилгеси көптөрдүн жүрөгүн жибитип, жергиликтүү усталар тамдын дубалын жарым баасына тургузуп беришиптир.
1/3
Байымбет атындагы орто мектепти мындан жыйырма жыл мурда бүтүргөн жигиттер азыр сөздүн түз маанисинде тер төгүп иштеп жатышат
2/3
Алар бир нече жыл мурда атасы, ал эми былтыр апасы автокырсыктан каза болуп, анын үстүнө үйсүз калган бир туугандарга үй тургузуп беришүүдө
3/3
Бул ак пейил жигиттердин демилгеси көптөрдүн жүрөгүн жибитип, жергиликтүү усталар тамдын дубалын жарым баасына тургузуп беришиптир.

Бул ак пейил жигиттердин демилгеси көптөрдүн жүрөгүн жибитип, жергиликтүү усталар тамдын дубалын жарым баасына тургузуп беришиптир.

Балдар мектепке барып мактанып жүрүшөт дейт, бул биз үчүн жетиштүү

Мындай жакшы иштерди жасаганда адам кандай сезимде, кандай абалда болот деген сурообузга Тимур төмөнкүчө жооп берди.

"Мындан бир нече күн мурда айылга барсам, биз үй куруп берип жаткан 1- жана 3-класста окуган балдар "биздин үйүбүз болот, эми жакшынакай, жаңы тамда жашайбыз" деп мектептеги башка балдарга божурап, кубанып, мактанып айтып жүрүшкөнүн уктук дешти. Түшүнгөн кишиге, соопчулук жасагандар үчүн мындан артык сөздүн кереги жок. Мисалы, мага ошол эле сөз жетиштүү болду",— деди ал токтоо гана.

Тимур дагы бир көңүл жылыткан учурду айтып берди

"Үйдүн дубалы тургандан кийин ички шыбак жана башка иштерин баарыбыз чогулуп жасап жатсак, кичинекей бөбөктөр келип, кошо аралашып жүрдү. Анда биз "бул "заказчиктерге" уят болбой сапаттуу жасайлы, достор" деп тамашалап күлүп калдык", — деп ошол күндөрүн эстеди. 

Анын айтымында, курулуш материалдарын алуу жана усталарды жалдоого 300 миң сомго жакын каражат кеткен. Алар калган шыбак, майлоо, сырдоо, терезелерди салуу жана башка дагы бир топ иштерди өз колдору менен жасап жатышат.

"Буюрса үйдү 1-июлда бүтүрүп, балдарды салтанаттуу түрдө киргизели деп жатабыз",— деди Тимур Ниязакунов. 

Буга чейин балдар илгери колхоздогу тактай тилүүчү жайындагы кароолчунун үйүндө жашап келишкен. Кийин башка бирөө сатып алганда там кошо кеткен. Учурда балдардын улуусу студент, ал эми кичүүсү 1-класста окуп жатат. Аларга учурда Жаңыл мырза аттуу таежеси баш-көз болуп турат.

Үй курган 20га жакын бул жигиттер ар кыл кесиптин ээлери, айрымдары Россияда иштеп жүрүп, келе албаса да каражатын салып жиберишкен.

Дагы бир жакшы иш. Жети балалуу жалгыз бой эне төрт бөлмөлүү үйгө көчкөндө 

Ырчы Аяна Касымова Москвадагы 1,5 жашар Айдарга 74 миң рубль берди
Талас облусунун Бакай-Ата районунда жети балалуу үй-бүлөдөгү кыздардын улуусу Амангүлгө 10 жылдан кийин классташтары төрт бөлмөлүү үй куруп беришкенине жарым жыл боло элек.

Таластын Оро айылында 1985-жылы туулган балдар мектепти бүткөн соң 10 жылдан кийин чогулуп, шаан-шөкөт менен шапар тээп тарап кетүүнүн ордуна, жакшы иш жасап, көп балалуу бир үй-бүлөгө болуп көрбөгөндөй кубаныч тартуулашкан.

Бул туурасында айтып бергендердин бири, Бишкек шаарында Бажы кызматында иштеген Канай Эшенкулов негизги ишти айылдагы классташтары жасагандыгын белгиледи. 

"Бул демилге айылдагы балдардын "10 жылдыкты" талкуулоо учурунда сунушталды. Кеңешип отуруп, төрт бөлмөлүү үй салып берүүгө токтолдук. Баары бир ооздон туура деп тапты. Негизинен бардык иштерди айылдагы балдар жасады", — деди Канай Эшенкулов. 

Ал үйдүн ээси балдарга көп жыл таалим-тарбия берген Кабылбек молдо аттуу адам экендигин, көзү өтүп кеткендиктен, анын үй-бүлөсү өз алдынча там кура албайт эле деп кошумчалады. 

Үйдү курууга бардыгы болуп 24 бала катышкан. Алар Кыргызстанда, Россияда, бир катары Кореяда жашап, ар кыл кесипте иштейт.

Жакшы иштер уланууда, кезекте 100 миң сомдук спорт зал 

Нарын районундагы Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы мектепти бүтүп кетип, 10 жылдан кийин кайрадан чогулуп жаткан балдар мектептин кароосуз калган жер төлөсүн оңдоп-түзөп спорт зал тартуулаганы турушат.

© Назгүл Кадырова10 жыл мурда бүтүп кеткен балдар мектепке спорт зал тартуулоо ниетинде
Строительство спортивного зала в селе Доболу Нарынского района - Sputnik Кыргызстан
10 жыл мурда бүтүп кеткен балдар мектепке спорт зал тартуулоо ниетинде

Бул туурасында аталган мектептин директору Назгүл Кадырова айтып берди.

"Бизден бүтүп кеткен окуучулар айылдагы кийинки муунду спортко тартуу жана кызыктыруу максатында спорт зал жасап, аны керектүү спорттук шаймандар менен толук жабдып берүүдө. Учурда иш ортолоп калды", — деп билдирди директор.

Анын айтымында, 80 чарчы метр аянтты ремонттоого жана жабдууга болжол менен 100 миң сомдон ашуун каражат чыгымдалмакчы. Каражатты үнөмдөө максатында бүтүрүүчүлөр кээ бир спорттук шаймандарды колго ширетип жасап жатышат.

"Окуучулар буга чейин иштеп келген грек-рим күрөшү боюнча ийримге эми кызыгуу менен катышып, андан сырткары спорттун башка түрлөрү менен да машыга турган болду. Бул албетте, мени, жергиликтүү тургундарды, жалпы коомчулукту ыраазы кылды", — деди Кадырова.

Спорт залдын ачылышын дөбөлүлүктөр 25-майга пландап жатышат.

Мындай жакшы иштер дагы уланып, кийинки материалыбыз өлкөнүн башка аймактарынан жасаларына ишеним артып турабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0