Бишкек мэриясы кооптуу бактардын алдына машиналарды токтотпоону өтүнөт

Жазылуу
Мэрия шаар тургундарына кулайын деп кооптуулук жараткан бактар тууралуу маалымат берүүнү суранат.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкек мэриясы шаар тургундарын кулайын деп кооптулук жараткан бактар тууралуу WhatsApp аркылуу маалымдоону суранат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле айдоочуларды шек туудурган бактардын алдына машиналарын токтопоону өтүнөт. Себеби, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам бактардын кулоо коркунучу бар.

Кооптуу делген бактар тууралуу сүрөт жана маалыматтарды төмөндөгү номерлерге WhatsApp аркылуу жиберүүгө болот.

Ийилген дарак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бак-дарактардан абайла. Бишкектеги эң коркунучтуу 13 жер
Азимбаев Мирлан Абылкаирович (Ленин району) — 0 (556)250582;
  • Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0 (777)552211;
  • Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи Май району) — 0 (558) 336640;
  • Шакитов Сагынбек Усеналиевич (Свердлов району) — 0 (773) 567370.
  • "Зеленстрой" муниципалдык ишканасынын көзөмөлүнө 220 миңден ашык бак алынган. Бактардын орточо жашы 50 жыл.

    Жаңылыктар түрмөгү
    0