16:55 08 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Акча. Архив

Нариман Түлеев бюджетке 60 миллион сом кайтарган

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Нариман Түлеевдин бошотулушу (9)
251 0 0

Абакта дээрлик төрт жыл отурган Нариман Түлеев жума күнү бошотулду. Ага карата эки мунапыс колдонулган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев мамлекеттик казынага 60 миллион сомду кайтарды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди.

Түлеев 7-майда №47 түзөтүү колониясынан боштондукка чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча ал мамлекетке 35 миллион сомду кайтарганы маалымдалган.

"2016-жылдын январынан түзөтүү колониясында жатып, Түлеев сот тарабынан белгиленгин 60 миллион 671 миң 304 сомдук материалдык чыгымды кайтарган. Ошондой эле, соттун чечими менен мүлкү камакка алынган", — деп ЖАМК билдирди.

Түлеев эки мунапыстын негизинде бошотулган. Ал 2012-жылдын 29-июлунда соттолгон. Ал дээрлик 4 жыл отурган.

2013-жылы Ленин райондук соту Түлеевди 2008-жылы Кытайдан автобустарды алып келүүдө коррупцияга катыштыгы бар, шаардагы бала бакчанын имаратын саткан жана муниципалдык 200 миллион сомдук облигацияны чыгарууда кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен 11-жылга эркинен ажыраткан. Андан соң райондук соттун чечими арызданылып, ишти Бишкек шаардык соту караган. Шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Иш Жогорку сотто да каралып, соттук коллегия бир аз өзгөртүү киргизип, 11-жыл жаза өткөрүүнү күчүндө калтырган. Андан сырткары акчалай айып салган. 

Тема:
Нариман Түлеевдин бошотулушу (9)

Тема боюнча

Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев абактан чыкты
Белгилер:
абак, Нариман Түлеев

ЭҢ МААНИЛҮҮ