00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
13:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как Запад формирует новые смыслы на Евразийском пространстве — беседа с экспертом из Иойшкар-Олы
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Максимальный репост
Под куполом перемен: чем удивляет обновлённый цирк Бишкека
16:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
17:07
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Биримдик кербени» — ценность и бережное отношение к воде в регионе станет символом ВИК-2026
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук психология — машыктыруучу менен спортчунун мамилеси кандай болушу керек?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

БП: Нарымбаев менен Коркмазовдун сот ишине кийлигишүү сотко басым катары бааланат

Жазылуу
Көз боёмочулук деген күнөө менен соттолук жаткан президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен ЖКнын мурдагы депутаты Хаджымурат Коркмазовдун иши Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хаджимурат Коркмазовдун иши боюнча сырттан кийлигишүү сотко басым жасоо катары баалана турганын Башкы прокуратура (БП) билдирди.

Өлкөнүн башкы көзөмөл органы акыркы учурда ЖМКлар аркылуу Нарымбаев менен Коркмазовдун иши боюча сот процессине тийиштиги жок эле кишилердин далилсиз жоромолдору чыгып жатканын белгилейт. 

"Ушундай такталбаган маалыматтарга таянып алып, айрым саясый жана коомдук ишмерлер элдин жана соттун көңүлүн башка фактыларга бурууга аракеттерди көрүп жатат. Данияр Нарымбаевдин күнөөлүү экени далилдүү фактыларга таянып аныкталган. Ага карата өкүм асмандан эле алынбастан, ишенимдүү далилдерге таянып чыгарылган", — деп айтылат Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө.

Башкы көзөмөл органы ошондой эле, соттолуп жаткан таасирдүү кишилердин колунда мүмкүнчүлүгү жана таасири бар туугандары менен жакындары сот иши каралып жатканда түрдүү имиштерди чыгарып, коомчулуктун пикирин башка жакка бурууга болгон аракети сот системасына терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн баса белгилейт. Андыктан Нарымбаев менен Коркмазовдун ишин сот гана карап, сот өкүм чыгарышы керек. Сырттан түз жана кыйыр түрүндө кийлигишүү сотко басым катары кабыл алынат деп айтат.

Соттолуп жаткан Нарымбаев: мен эч кимден акча алган эмесмин
Белгилей кетсек, былтыр июль айынын ортосунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы экс-депутат Хаджимурат Коркмазовду 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Башкы прокуратура Коркмазов экс-депутат Нариман Түлеевдин туугандарынан Жогорку сотто карала турган ишти оң жакка чечүүгө жардам берем деп 200 миң доллар талап кылганын билдирген. Мында президент аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин аты да аталып, экс-депутат акчаны Нарымбаевдин айтуусу боюнча талап кылганын көрсөтмөдө билдирген. Июль айынын аягында прокуратура аны да камакка алган. 

Аталган иш боюнча Биринчи Май райондук соту коррупция, кызмат абалынан пайдалануу деген айыптарды кыскартып, көз боёмочулук деген күнөө менен Нарымбаевди үч, ал эми Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыраткан. Аталган чечим боюнча айыпкерлер Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазган. Учурда сот иши уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0