Бишкектеги №1 тергөө абагынын өткөрүү пунктунда рентген системасы ишке кирди

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүРентген системасы. Архив
Рентген системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖАМК абакта кармалгандарга күнүнө 100дөн ашуун киши келерин белгилейт.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бишкекте жайгашкан №1 тергөө абагында өткөрүү пункту менен жолугушуу бөлмөсү замандын талабына ылайык жасалганын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди.

Түрмө күзөт жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы: Россияда 2549, Тажикстанда 320 кыргызстандык абакта отурат
Маалыматка ылайык, күнүнө 100дөн ашуун адам өткөн көзөмөл пункту менен жолугушуу бөлмөлөрүнө заманбап рентген системасы орнотулду. Ал абактагы жарандарга берилүүчү тамак-ашты, ошондой эле келген адамдардын жеке буюмдарын текшерүүгө алат. 

Аталган жайлардын модернизацияланышы БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук башкармалыгынын колдоосу менен жүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0