Бүгүн Бишкекте китептин дүйнөлүк күнү белгиленет

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүКитепканадагы адам. Архив
Китепканадагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Андан сырткары "Китеп кербени" башталып, ал Бишкек шаарынын жаңы конуштарында уланат.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы Курманжан Датка эстелигинин алдында китептин дүйнөлүк күнү расмий түрдө белгиленерин Маданият, маалымат жана туризм министри билдирди.

Ошондой эле, Китепстан китеп көргөзмөсү өтүп, балдар жана жаштар үчүн түрдүү интерактивдүү иш-чаралар өтөт.

Андан сырткары "Китеп кербени" башталып, ал Бишкек шаарынын жаңы конуштарында уланат.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Садык-Шер Нияз, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов жана Билим берүү министри Элвира Сариева да катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0