Соцфонд эркин кесиптин ээлеринин төлөмдөрүн азайтууну сунуштап жатат

Жазылуу
Лицензия алып иштеген физикалык жактарга камсыздандыруу төлөмүнүн жаңы тарифи сунушталып жатат. Анда, алынган гонорардын 10 пайызы төлөнүшү керек деп көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандын социалдык фонду эркин кесиптин ээлерине камсыздандыруу төлөмдөрүн азайтууну сунуштап жатат. 

Социалдык фонд "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн тарифтери жөнүндө" мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. 

"Эркин кесиптин ээлери: жазуучулар, журналисттер, сүрөтчүлөр, артисттер, философ жана адвокаттардын гонорары 100-200 сомду гана түзөт. Азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча камсыздандыруу төлөмүнүн көлөмү гонорардан бир нече эсе көп", — деп айтылат мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесинде. 

Акча саноочу машина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Социалдык фонд мамлекетке 4,4 млн. сом төлөмөр болду
Өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча 1207 аткаруучулар менен авторлор катталган. Алардын ичинен 11нин гана гонорары Бишкектин орточо бир айлык маянасына барабар. 

Буга ылайык, лицензия алып иштеген физикалык жактарга камсыздандыруу төлөмүнүн жаңы тарифи сунушталып жатат. Анда, алынган гонорардын 10 пайызы төлөнүшү керек деп көрсөтүлгөн (тогуз пайызы пенсиялык фондго, бир пайызы милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна кетет).

Жаңылыктар түрмөгү
0