Лейлекте эки айылдын 150 наристеси бала бакчага бара баштайт

Жазылуу
Балдар үчүн мекемелер Лайли жана Максат айылдарында курулуп, бардык керектүү буюм-тайым менен камсыздалды.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Баткендин Лайли жана Максат айылдарында "Данакер" жана "Сейтек-Максат" аттуу эки бала бакчанын ачылуу аземи өткөнүн Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Бала бакчанын тарбиялануучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек дагы бир жаңы бала бакча менен толукталууда
Маалыматка ылайык, аталган мекемелерди тийиштүү эмерек, жабдуу, оюнчук, адабият менен Улуу Британиянын элчилиги, ЮНИСЕФ фонду жана министрлик камсыздады.

Былтыр Максат айылында жаңы мектеп курулуп, эски имарат бала бакча болуп кайра жасалган. Ал эми Лайли айылындагы бала бакчанын имараты 2015-жылы курулуп, ага мамлекеттик бюджеттен алты миллион, жергиликтүү бюджеттен эки миллион сом бөлүнгөн.

Аталган бала бакчалар 150 наристени кабыл алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0