КР Эл артисти Алтынбек Шатеновдун ысымы маданият үйүнө берилет

Жазылуу
Шатенов Былтыркы жылдын 4-октябрында Каракол шаарындагы участкалык шайлоо комиссиясына КСДП партиясынан байкоочу катары барган жеринен жүрөк оорусу кармап каза болгон.

БИШКЕК, 17-мар — Sputnik. Кыргыз Эл артисти Алтынбек Шатеновдун ысымы Ысык-Көл районундагы Григорьевка айылынын маданият үйүнө ыйгарыла турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук драма театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Режиссер Козукеевдин "Саманчынын жолу" спектаклине I даража ыйгарылды
Чыгаан артисттин атын ыйгаруу салтанаты 19-март күнү саат 11.00дө болот. 

Алтынбек Шатенов 1960-жылы Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында туулган. 1983-жылдан баштап Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрында эмгектенип келген.

Шатенов Былтыркы жылдын 4-октябрында Каракол шаарындагы участкалык шайлоо комиссиясына КСДП партиясынан байкоочу катары барган жеринен жүрөк оорусу кармап каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0