"KG" сериялуу номерлердин калганы жок кылынды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"KG" сериясындагы номерлерди жок кылуу учурунда. Архив
KG сериясындагы номерлерди жок кылуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын декабрында Кыргызстанда автоунаа номерлеринин жаңы үлгүсү ишке киргизилип, "KG" сериясы алына турганы айтылган.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы "KG" номерлеринин калганын жок кылганын билдирди.

Өлкө башчыларынын унааларындагы сандар жана тамгалар
Маалыматка ылайык, президенттин аппаратына, жогорку сотко жана акыйкатчыга таандык номерлер кесилип жок болду.

Эскерте кетсек, декабрдын башында Кыргызстанда автоунаа номерлеринин жаңы үлгүсү ишке киргизилип, андан "KG" сериясы алына турганы айтылган. 

Ал эми 18-декабрда "KG" сериясындагы номерлердин 143 комплектиси жок кылынган. Анын 120сы Жогорку Кеңешке, 23ү өкмөт мүчөлөрүнө таандык болчу. 

Машиналарга берилүүчү жаңы номерлердин үлгүлөрү менен Sputnik инфографикасынан таанышууга болот>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0