Кыргызстандыктар визасы жок 58 мамлекетке бара алышат – рейтинг

© Sputnik / Табылды КадырбековАэропортто жүргүнчүлөр. Архив
Аэропортто жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын паспорту менен 218 мамлекеттин 58ине визасыз барууга болот. Рейтингде Кыргызстан Индонезия менен бир сапта турат.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Мамлекеттердин визасыз жүрүү рейтингинде Кыргызстан 79-орунда турат. Бул тууралуу Визаларга киргизилген индекс рейтингинде айтылат.

Кыргызстандын паспорту менен 218 мамлекеттин 58ине визасыз барууга мүмкүн экени аталган рейтингде айтылат. Кыргызстан менен Индонезия бир сапта – 79-орунда турат.

Кыргыз Республикасынын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан "күчтүү паспорт" рейтингинде 63-орунду ээледи
Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстан алдыңкы орунда турат, аталган мамлекеттин паспорту менен 67 мамлекетке визасыз барууга мүмкүн. Ал эми Тажикстандын паспорту менен 53 мамлекетке (84-орун) визасыз барууга болсо, Өзбекстандын паспорту менен 52 мамлекетке (85-орун) барууга мүмкүн.

Аталган рейтингдин көч башында үч жыл катары менен Германия турат. Немистер визасыз 177 мамлекетке бара алат. Экинчи орунда Швеция (176 мамлекет).

Үчүнчү орунда — Финляндия, Франция, Испания, Италия жана Улуу Британия (175 мамлекет) турса, эң акыркы орунду Афганистан (25 мамлекет) ээледи.

Кыргызстандыктар визасы жок кайсы өлкөлөргө бара ала турганын Sputnik инфографикасынан көрө аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0