Темир Сариев жакын арада электр энергиясынын баасы көтөрүлбөй турганын билдирди

Жазылуу
Быйыл электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү боюнча коом арасында сөз жүрүп, бир катар ЖМКлар буга чейин жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев акыркы учурда электр энергиясына тариф көтөрүлөрү тууралуу айтылган маалыматтар чындыкка жатпасын жана жакын арада андай план жок экенин өкмөттүн жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү боюнча коом арасында сөз жүрүп, бир катар ЖМКлар жазып чыккан.

"Электр энергиясына тариф орто мөөнөттүү тариф саясатына карата аныкталат. Ага ылайык, электр энергиясына тарифти көтөрүү каралган жок", — дейт Сариев.

Премьер-министр жарандарга туура маалыматты жеткирүү үчүн тиешелүү органдарды түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0