БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргыз тили расмий түрдө Google Translate тутумуна кирди.
Кыргыз тилин Google Translate тутумуна кошуу аракеттери акыркы жылдары жанданган.
Маалыматка ылайык, кыргыз тили менен чогуу 13 жаңы тил бул тутумга кошулган. Расмий билдирүүгө ылайык, кыргыз тили улуу "Манасты" жараткан тил катары сыпатталып, эпос Илиада жана Одиссеяны кошкондо дагы алардан 20 эсе чоң экени айтылат.
Буга чейин Google компаниясы кыргыз тилин атайын тутумга киргизүү боюнча жасалган аракеттер үчүн демилгелүү топко ыраазычылыгын билдирген.
Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча аракеттер мамлекеттик деңгээлде дагы колго алынган. 2014-жылдын декабрь айында Кыргызстанда 2020-жылдарга чейин мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча Улуттук программа кабыл алынган. Ага ылайык, кыргыз жана чет тилдери боюнча компьютердик котормочу программаларды түзүү, акысыз компьютердик тесттери жана окутуу программаларын түзүү каралган.