Москвада өрттөн каза болгон 6 адамдын сөөгү Кыргызстанга келди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПожар на швейном предприятии на востоке Москвы
Пожар на швейном предприятии на востоке Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ сөөктөрдү таануу процедурасы аягына чыкканы белгилүү болгон. Алгач авиакаттам менен Ош шаарына алып келинген сөөктөр Баткенге жеткирилүүдө.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Москвада өрттөн каза болгон кыргызстандыктардын алтоосунун сөөгү Ош шаарына келди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Россия муфтияты: өрттөн каза болгон кыргыз жарандарынын окуясы жүрөк үшүн алды
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-январында Москва шаарынын чыгыш аймагындагы Стромынка көчөсүндөгү өнөр жай имараттарынын биринен өрт чыгып, 3 миң чарчы метри күйүп кеткен. Натыйжада имараттын чатыры кулап, 12 адам каза тапкан. Анын сегизи Кыргызстандын жараны, экөө — Россиянын жарандыгын алган кыргыздар жана өзбекстандык эки жаран экендиги белгилүү болгон.

Кечээ сөөктөрдү таануу процедурасы аягына чыкканы белгилүү болгон.

Маалыматка ылайык, маркумдардын сөөгү 11-февраль күнү саат 06:50дө "Сибирь" авиакомпаниясынын 967-авиакаттамы менен Москвадан Ош шаарына алып келинди. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан сөөктөрдү жеткирүү үчүн бир КамАЗ жана Нива үлгүсүндөгү унаа бөлүнүп, саат 07:50дө жүк Баткен облусуна карай багыт алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0