БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Москвада өрттөн каза болгон кыргызстандыктардын алтоосунун сөөгү Ош шаарына келди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-январында Москва шаарынын чыгыш аймагындагы Стромынка көчөсүндөгү өнөр жай имараттарынын биринен өрт чыгып, 3 миң чарчы метри күйүп кеткен. Натыйжада имараттын чатыры кулап, 12 адам каза тапкан. Анын сегизи Кыргызстандын жараны, экөө — Россиянын жарандыгын алган кыргыздар жана өзбекстандык эки жаран экендиги белгилүү болгон.
Кечээ сөөктөрдү таануу процедурасы аягына чыкканы белгилүү болгон.
Маалыматка ылайык, маркумдардын сөөгү 11-февраль күнү саат 06:50дө "Сибирь" авиакомпаниясынын 967-авиакаттамы менен Москвадан Ош шаарына алып келинди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан сөөктөрдү жеткирүү үчүн бир КамАЗ жана Нива үлгүсүндөгү унаа бөлүнүп, саат 07:50дө жүк Баткен облусуна карай багыт алды.