19:02 17 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
63 жаштагы үйсүз Николай Зуевди Бишкек шаарындагы карылар үйүнө жаткырылды.

Көзү азиз селсаякты Бишкек шаардык карылар үйүнө жайгаштырышты

© Фото / Виолетта Наумкина
Коом
Кыскача шилтеме алуу
68 0 0

Селсаякты үйүнө батырып алган айым анын эч кандай документтери жок болгондугуна карабастан карылар үйүнө жайгаштырганга жетишти.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. 63 жаштагы үйсүз Николай Зуевди Бишкек шаарындагы карылар үйүнө жаткырганын аны үйүнө батырып алган Виолетта Наумкина Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Эске сала кетсек, Бишкектин тургуну Виолетта Наумкина көзү көрбөй калган 63 жаштагы селсаяк Николай Зуевди үйүнө киргизип камкордукка алган. Карыянын көзү Афган согушундагы жардыруудан кийин көрбөй калган.

  • Бишкек шаарындагы карылар үйү
    Бишкек шаарындагы карылар үйү
    Виолетта Наумкина
  • 63 жаштагы үйсүз Николай Зуевди Бишкек шаарындагы карылар үйүнө жаткырылды.
    63 жаштагы үйсүз Николай Зуевди Бишкек шаарындагы карылар үйүнө жаткырылды.
    Виолетта Наумкина
  • 63 жаштагы үйсүз Николай Зуевди Бишкек шаарындагы карылар үйүнө жаткырылды.
    63 жаштагы үйсүз Николай Зуевди Бишкек шаарындагы карылар үйүнө жаткырылды.
    Виолетта Наумкина
1 / 3
Виолетта Наумкина
Бишкек шаарындагы карылар үйү

Он биринчи кичи райондо жер төлөдө беш жылдан ашуун жашаган Николой Зуев Наумкинанын үйүндө бир апта турду. Ал убакта боорукер айым аны кийинтип, медициналык изилдөөдөн өткөрдү. Эми болсо көзүн дарылоого каражат чогултуп жатат. 

"Мен Зуевди карылар үйүнө жайгаштыруу боюнча арыз жазгам. Мекеменин мүдүрү жөнөкөй жана түшүнүктүү болгондуктан документсиз эле кабыл алды. Ага ал жак абдан жагыптыр, бейишке келдим деп кубанып отурат", — деди Наумкина.

Анын айтымында, көзгө операция жасоо үчүн атайын акча чогултуу башталды. Учурда сегиз миң сом чогулду. Алдын ала маалымат боюнча операцияга 60 миң сом каражат керектелет. 

Тема боюнча

Бишкектин тургуну көзү азиз селсякты үйүнө батырып алды
Белгилер:
селсаяк, каражат, Николай Зуев, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ