21:41 19 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2210
  • EUR79.2319
  • RUB1.0782
Жол кайгуул кызматкери борбор калаадагы дүкөндөрдүн биринде өткөн Эки түн арзандатуу акциясы болгон тыгын кезинде. Архив

Жол кайгуул кызматы: "Арзандатуу түнүндө" айдоочуларга 300 миң сомдой айып салынды

© Sputnik / Расул Усеналиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
163 0 0

Бул түнү жарандар унааларын жолдун машина өтүүчү бөлүгүнө чейин токтотуп койгондуктан Киев көчөсүнүн төрт кыймыл тилкеси тең тосулуп калган.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы дүкөндөрдүн биринде өткөн "Эки түн арзандатуу" акциясы учурунда жол эрежесин бузган айдоочуларга 287 протокол түзүлгөнүн Жол кайгуул кызматынынан билдиришти.

Буга чейин бир катар жарандар "тургундар унааларын дүкөндүн жанына токтотушкандыктан Киев көчөсүнөн өтүү мүмкүн болбой калганын" кабарлашкан.

"Эки түн арзандатуу" акциясы учурунда ошол райондон эреже бузуп автоунаасын токтоткондорго 287 протокол түзүлдү", — деп Жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Унаа токтотуу эрежесин бузгандар 1000 сом айыпка жыгылат. 

Тема боюнча

"Арзандатуу түнү" болгондугуна байланыштуу Бишкекте ири жол тыгын жаралды
Жол тыгыны жана жолдорду оңдоо. Бишкектеги авто кыймылы кызыган маал
Белгилер:
тыгын, унаа, айып пул, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ