Жакында бейтаптардын диагнозун бардык аймактын дарыгерлери көрө алат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүОоруканада доктур. Архив
Ооруканада доктур. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ден соолук" улуттук программасын ишке ашыруу максатында, республикада электрондук саламаттык сактоону түзүү боюнча даярдык иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Электрондук медициналык карта аркылуу бейтаптардын диагнозун көрүүгө аймактардагы дарыгерлер мүмкүнчүлүк алышат. Мындан улам жарандардын кийинки ден-соолугуна туура кам көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев өкмөтүнүн жыйынында билдирди. 

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, "Ден соолук" улуттук программасын ишке ашыруу максатында, республикада электрондук саламаттык сактоону түзүү боюнча даярдык иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

"Бул программаны ишке ашырууда, борбордогу ооруканаларда бейтаптардын диагнозу тууралуу маалыматты аймактардагы дарыгерлер көрүп, анын кийинки ден-соолугуна кам көрүшү керек. Мындан улам, система бардык аймактар менен электрондук багытта байланыштыруу зарыл", — деди Сариев.

Ымыркай көтөргөн дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаш педиатрлорду депозиттик 5 миң сом менен ишке тартат
Өкмөт башчы бейтаптардын электрондук медициналык картасын ишке киргизүү боюнча көрсөтүлө турган пилоттук долбоордун жыйынтыктарын жайылтуу үчүн тиешелүү чечим кабыл алына тургандыгын кошумчалаган. 

Саламаттык сактоо уюмдарында пациенттин электрондук медициналык картасын ишке киргизүү электрондук саламаттык сактоо системасын жайылтуу үчүн биринчи кадам болуп саналат. Аны иштеп чыгууда өкмөттүн Электрондук башкаруу борбору менен иштерди координациялоо үчүн тыгыз аракеттенүү камсыз кылынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0