11:32 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Youtube сайтындагы DRIVE2.KG колдонуучусунун Нурайым в брюках видеосунан алынган кадр. Архив

Милиция "шымчан Нурайымды" колго түшүрдү

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
448 0 0

Боз улан караңгылатылган айнектүү унаадан өткөн-кеткенге оюнчук тапанчадан суу чачыраткан видеосун жайгаштыргандан кийин белгилүү болгон.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери социалдык тармактарда "шымчан Нурайым" деген атка ээ болгон жаранды кармашканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБ билдирди. Азырынча башка маалымат ачыкка чыкпайт.

Буга чейин YouTube каналына DRIVE2.KG аттуу пайдалануучу караңгылатылган терезелүү унаанын айдоочусу ары-бери өткөн жолоочуларга суу тапанчасынан аткылап жаткан видео жайгаштырган.

Видеодо "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаа Жол кайгуул кызматынын машинасынын артында келе жатканы чагылдырылган. Мындан тышкары, роликтен бала жана "Силы МВД. Это злые силы" деген соцтармактагы ник менен скриншоттор көрүнүп турат.

Буга катар Azamat жана VIP деген энчилүү номерлер тагылган бир нече унаа аныкталган. Боз улан алардын жанынан бир нече менен сүрөткө түшкөн. Бир катар сүрөттөрдө курал-жарак бар экени аныкталган. Божомолдорго ылайык, ал Макаров тапанчасы экени айтылууда. Жарандын камуфляж формасын кийип түшкөн сүрөттөрү да бар экени белгилүү болду. 

Роликтин автору Bektenaliev01 деген ник менен катталган кыргызстандык видеохостингдердин пайдалануучулардын бири экени айтылууда.

Нурайым деген ысым соцтармактардагы дагы бир чуулгандуу окуя менен байланыштуу. Кыз кымбат баалуу унаалардын жанынан сүрөткө түшүп интернетке жайгаштырган. Мында унаалардын баарында NURAIYM деген номер тагылган. Нурайым өзүнүн чала таанылган сүрөттөрүн да коюп келген. Бул номерди пайдалануу мыйзам бузуу катары катталып, кызды шаар боюнча издей башташкан. Кийинчерээк Нурайым милицияга өзү келген. Бирок жасалма номер менен унаанын айдалышы катталбагандыктан, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес.

Тема боюнча

Көчөдө бараткан кишилерге суу чачкан бейбаш изделүүдө
Соцтармактагы белгилүү Нурайым табылды: ал милицияга өзү келди
Белгилер:
Суу, видео, интернет, социалдык тармак, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ