15:48 19 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.1779
  • EUR79.2295
  • RUB1.0839
Стамбул шаарындагы Кыргызстандын консулдугу. Архив

Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтери сүрөттө

пресс-служба МИД КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
126940

Кыргызстандын 34 мамлекетте элчилик, консулдуктары бар. Демек, сиз Кыргызстандын аймагынан сырткары болгон күндө дагы өз өлкөңүздүн колдоосуна үмүт арта аласыз.

Бишкек, 13 – янв. Sputnik. Кыргызстанда чет элдик элчиликтердин кооз имараттарын көрүүгө болот. Алардын айрымдары Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн орун алса, бир катары шаардын мээлүүн абалуу аймактарында жайгашкан. 

Ал эми Кыргызстандын чет элдеги элчиликтеринин имараттары кандай экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Буга ылайык Sputnik Кыргызстан бир нече өлкөлөрдөгү элчиликтердин сүрөттөрүн тартуулоону туура көрдү.

Здание посольства Кыргызстана в России
© Фото / пресс-служба МИД КР
Россиядагы кыргыз элчилиги Москва шаарында жайгашкан. Элчилик саясаттан сырткары мигранттардын укуктук маселелерин чечип келет

Россиядагы кыргыз элчилиги Москва шаарында жайгашкан. Элчилик саясаттан сырткары мигранттардын укуктук маселелерин чечип келет. Муктаждык жаралса, элчиликке Москва шаарынын Ордынка көчөсүндөгү 64-үйгө кайрылсаңыздар болот. Байланышуу үчүн 00-7- 499951-60-62 номерине чалып же info@kyrgyzembassy.ru электрондук дарегине кат жөнөтүңүз. 

Здание посольства Кыргызстана в Канаде
пресс-служба МИД КР
Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчилиги Колумбия аймагындагы тоолуу Массачусетс штатында жайгашкан

Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчилиги Колумбия аймагындагы тоолуу Массачусетс штатында жайгашкан. Учурдагы ыйгарым укуктуу элчиси Кадыр Токтогулов. Элчиликке Массачусетс 2360 дареги аркылуу кайрылса болот. Почта индекси 20008. Байланышуу үчүн 001-202 449-92-22/001-202 449-9223 номуруна чалып же kgembassyusa@gmail.com электрондук дарегине кат жазсаңыздар болот. 

Здание генконсульства Кыргызстана в Казахстане
пресс-служба МИД КР
Казакстандын мурдагы борбору Алма-Ата шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу жайгашкан
 

Казакстандын мурдагы борбору Алма-Ата шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу жайгашкан. Бишкек менен Алматынын аралыгы 233,9 км. же 3 саат 31 мүнөттү түзөт. Эгерден кыйынчылыктар жаралып калса Консулдук жайгашкан Луганская көчөсү 30 "А" дарегине кайрылсаңыздар болот. Тез аранын ичинде байланышуу керектелсе анда 00-7-7272-64-22-12, 91-66-10 номерлерине чалыңыз. Ал эми almaty@consulkg.kz электрондук дарегине кат жөнөтсөңүз болот. 

Здание посольства Кыргызстана в Турции
© Фото / пресс-служба МИД КР
Кыргызстандын ири өнөктөштөрүнүн бири болгон Түркияда Кыргызстандын элчилиги Анкара шаарында жайгашкан. Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов

Кыргызстандын ири өнөктөштөрүнүн бири болгон Түркияда Кыргызстандын элчилиги Анкара шаарында жайгашкан. Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов. Туризм мыкты өнүккөн Түркияга эс алганы же иштегени барып калсаңыз, элчиликке кирип керектүү маалыматтарга ээ болуп алганыңыз жакшы. Ал үчүн Гүнеш бульвары 15. Йылдыз/Оран көчөсү 21 дарегине кайрылыңыз. Байланышуу үчүн (+90-312) 491-35-06 (07) номерине чалып же info@kgembassy.org.tr электорндук дарегине кат жөнөтүңүз.

Здание генконсульства Кыргызстана в городе Стамбул
пресс-служба МИД КР
Анкарадан беш жарым сааттык алыстыкта жайгашкан Стамбулда дагы Кыргызстандын башкы консулдугу жайгашкан

Анкарадан беш жарым сааттык алыстыкта жайгашкан Стамбулда дагы Кыргызстандын башкы консулдугу жайгашкан. Дареги Ламартин көчөсү 7, Таксим аянтчасы. Байланышуу үчүн (+90-212) 235-67-67 номурун терсе болот. Интернет аркылуу кат жөнөтүү үчүн genkon@tr.net дарегин жазыңыз. 

Здание посольства Кыргызстана в Саудовской Аравии
пресс-служба МИД КР
Сауд Аравия Королдугундагы кыргыз элчилиги Эр-Рияд шаары, Фахад Падыша атындагы аймакта, Мухаммед Хамид Аль Фикки көчөсүндөгү 32-үйдө жайгашкан

"Эки мечиттин өлкөсү" аталган (Медина менен Мекка) Сауд Аравия Королдугундагы кыргыз элчилиги Эр-Рияд шаары, Фахад Падыша атындагы аймакта, Мухаммед Хамид Аль Фикки көчөсүндөгү 32-үйдө жайгашкан. Почта кутучасы 75871. Байланышуу үчүн 00-966-1-229-3273/00-966-1-229-3272 номурларына чалса болот. Электрондук дареги info@kyrgyzembarabia.kg. 

Здание посольства Кыргызстана в Кувейте
пресс-служба МИД КР
Кувейт Республикасындагы кыргыз элчилиги Эл-Кувейттин Сурра районундагы 6-блок, 13-к., 34-виллада жайгашкан

Түндүк батыш жагынан Ирак жана түштүгүнөн Сауд Аравиясы менен чектешкен Кувейт Республикасындагы кыргыз элчилиги Эл-Кувейттин Сурра районундагы 6-блок, 13-к., 34-виллада жайгашкан. Байланыш номери +965-25359957, электрондук дареги kyrgyzembkw@gmail.com.

Здание посольства Кыргызстана в Индии
пресс-служба МИД КР
Индиянын борбору Нью-Делиде Кыргызстандын элчилиги 110057, А 10/11 Васант Вихар дарегинде жайгашкан

Индиянын борбору Нью-Делиде Кыргызстандын элчилиги 110057, А 10/11 Васант Вихар дарегинде жайгашкан. Байланыш номерлери (00-9111) 2614-9582, 2614-8019, электрондук дареги kgzembind@gmail.com. 

Здание посольства Кыргызстана в Таджикистане
пресс-служба МИД КР
Бишкектен 1033 км. алыстыкта жайгашкан Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө кыргыз элчилиги жайгашкан

Бишкектен 1033 км. алыстыкта жайгашкан Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө кыргыз элчилиги жайгашкан. Зарылчылык жаралса, Соид-Носир көчөсү., 56 а дареги боюнча таба аласыздар. Байланышуу үчүн (00-992-37) 224-26-11, (00-992-41) 100-00-56 номурларын терүүгө болот. Электрондук дареги info@kgembassy.tj. 

Здание посольства Кыргызстана в Афганистане
пресс-служба МИД КР
Афганистан Ислам Республикасында дагы Кыргызстандын элчилиги бар. Элчилик өлкөнүн борбору Кабулда жайгашкан

Афганистан Ислам Республикасында дагы Кыргызстандын элчилиги бар. Элчилик өлкөнүн борбору Кабулда жайгашкан. Дареги: 4-көчө, 159-корпус, "AYINA ТВ " телекомпаниясынын жанында. Байланыш номерлери (+93-20) 221-19-76, 221-19-75, 221-19-77. Электрондук дареги: krembkabul@gmail.com 

Здание посольства Кыргызстана в Пакистане
пресс-служба МИД КР
Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Исламабадда жайгашкан

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Исламабадда жайгашкан. Дареги: 163 үй, 36-көчө, F-10/1 сектору, 44000. Байланыш номери 00-92-51 221-21-96. Электрондук дареги: mail@kyrgyzembassy.com.pk 

Здание посольства Кыргызстана в Беларуси
пресс-служба МИД КР
Белорусиядагы элчилик Минск шаарында жайгашкан. Так дареги 57- үй, Старовиленская көчөсү

Белорусиядагы элчилик Минск шаарында жайгашкан. Так дареги 57- үй, Старовиленская көчөсү. Байланыш номери (00-375-17) 334-91-17. manas@nsys.by электрондук дарегине кат жөнөтсө болот.

Элчилик — бул өлкөлөр арасында дипломаттык мамилени бекемдөөчү жогорку деңгээлдеги орган. 

Дипломатиялык мамилелердин Веналык конвенциясы 1961-жылдын 18-апрелинде Венада БУУнун дипломатиялык иммунитети жана мамилелери каралып жатканда кабыл алынган. Конвенция 1964-жылдын 24-апрелинде күчүнө кирген. 

Вена конвенциясы – бул эл аралык келишимдердин анык шарттарын, аларды түзүү, колдонуу, өзгөртүү жана толуктоо тартибин аныктайт. 

Сүрөттөр Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан алынды.

Тема боюнча

Атамбаев Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин ачылышына катышты
КРдин Катар жана Бириккен араб эмирлигиндеги жаңы элчилери дайындалды
Белгилер:
элчилик, чет элдик жарандар, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ