Кыргызстан — Иордания оюнуна билеттер бүгүнтөн баштап сатыкка чыгат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүБилет сатуу. Архив
Билет сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы беттешүү 17-ноябрь күнү Бишкекте өтөт.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызстан — Иордания оюнуна билеттер бүгүнтөн баштап, шейшемби күнү сатыкка чыга турганын Футбол федерациясы билдирди.

Беттешүү 17-ноябрь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Буга чейин Кыргызстандын курама командасы Австралиянын футболчулары менен 12-ноябрда Канберра шаарында беттешет.

Билеттер 14.00дөн 19.00гө чейин стадиондун кассасында жана таратуучуларда, дем алышсыз, 17-ноябрга чейин сатылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0