Лейлекте Исхак Раззаковдун 105 жылдыгы белгиленди

© Sputnik / Василий Шапошников / Медиабанкка өтүүДептер жана калем. Архив
Дептер жана калем. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук жана мамлекеттик ишмер Раззаковго арналган иш-чарада улуу инсандын басып өткөн өмүр жолу, элге жасап кеткен эмгектери эскерилди.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Лейлекте коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл баатыры Исхак Раззаковдун 105 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп өткөнүн өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү "Раззаков" тасмасын көрүштү
Маалыматка ылайык, иш-чарага катышкандар өз ой-пикирлерин ортого салып, улуу инсандын басып өткөн өмүр жолун, элге жасап кеткен эмгектерин эскеришти.

Конференциянын жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынып, окуу жайларда Исхак Раззаковдун туулган күнүн жыл сайын 25-октябрда салтанаттуу белгилөө, ЖОЖдордогу жана мектептердеги мыкты студент-окуучулар үчүн Исхак Раззаков атындагы стипендия, сыйлыктарды киргизүү кыргыз өкмөтүнө, билим жана илим министрлигине сунуштоо демилгеленди. 

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районунун Кулунду айылында туулуп, 1979-жылы 19-мартта Москва шаарында каза болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0