Президент Атамбаев Мырзакматовду "аягында Кудай урду" деди

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Экс-мэр города Ош Мелис Мырзакматов
Экс-мэр города Ош Мелис Мырзакматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Ош окуясында жабырлангандарга үй бөлүп берилгени, менен элдин ага нааразычылыгы жаралган учурлар болгонун, анын себебин кийин билгендигин айтты.
Президент Атамбаев Мырзакматовду "аягында Кудай урду" деди

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Атамбаев Ош шаарында көпүрөнүн ачылышында сүйлөп жатып, акыркы беш жылда Ош шаарына курулган имараттарга каражаттар жергиликтүү бюджеттен бөлүнбөгөндүгүн айтты. Ал Түштүк борбордун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун сөзүн кезегинде эки кылбай жүргөнүн да билдирди.

"Акыркы беш жылда Ош шаарына салынган имарат, турак-жайлардын бири да мэриянын эсебинен тургузулган эмес. Ошол кездеги Ош мэриясы же мэр  бир тыйын бөлгөн жок. А түгүл, өзүлөрү, туугандары тарабынан акча уурдалган. Бир тыйын берилбей, бирок туура үйлөрдүн тасмалары кесилген", — деди Атамбаев.

Ал Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов туурасындагы пикирин чогулган элдин алында сүйлөп жатканда айтты. Бир кезде ага жакын болуп, ылым санап жүргөндүгүн, ал тургай ата-баладай мамилени сурангандыгын кошумчалады. 

Президент Алмазбек Атамбаев. - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Ош шаарынын жашоочуларын көпүрөдөй данакер болууга чакырды
"Ошол кездеги мэр "мага ата болуңуз" деп жүргөнүн мен ачык айтайын, абдан жакын көрүп, ураган сөзүн эки кылчу эмесмин. Билесиңер, канча каражат керек болсо, бүт Кыргызстанды токтотуп, акча Ош шаары менен Ош облусуна жөнөтүлүп турган… Каргашалуу окуялар 60-жылдары,1990-жылы жана 2010-жылы болгон. Баштапкы эки ирет чыкканда, өлгөн адамдардын туугандарына каражат, үй берилген эмес. Менин таңгалганым, каражат бөлүп, квартирадан жардам берип жатсам, ачык айтайын, ырахмат дегендер аз болду. Тескерисинче, үй ала албай наалат айткандар болду. Бул эмнеге деп таңгалып жатсам, мага ата бол деп жүргөн киши мени шыбап жүрүптүр. Бирок, аягында Кудай урду. Андан коркпогондорду Кудай дайым урат. Кудай деп жүрүш керек", — деди Атамбаев.

Ал сөзүндө кандуу окуялардын кайталанбашына эл аракет кылышы керектигин, ал үчүн улуттар арасында ынтымакты сактоо зарылдыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0