Атамбаев: Адышев — тоо кендерин иштетүү тармагынын өнүгүшүнө чыйыр салган илимпоз

Жазылуу
Президент Кыргызстанда геология илимдеринин башатында туруп тарыхта калган залкар илимпоз кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталарын белгиледи.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Белгилүү окумуштуу, геология илимдеринин доктору Муса Адышев Кыргызстанда геология илимдеринин башатында туруп тарыхта калганын президент Алмазбек Атамбаев академиктин 100 жылдыгына арналган куттуктоо сөзүндө билдирди.

Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Академик Муса Адышевдин мемориалдык тактасы ачылат
Илимпоздун мааракесин утурлай Геология институтунда окумуштуунун мемориалдык тактасы ачылып, Сатылганов атындагы улуттук филармонияда салтанаттуу кече болуп өттү. 

Таланттуу илимпоздун эмгектери геологиянын бардык тармактарын камтып, Тянь-Шань тоолорунун түзүлүшүнүн алгачкы моделин түзүүгө жол ачканын белгилеген өлкө башчы Адышев Тянь-Шань аймагы сейрек кездешүүчү алтын, уран сыяктуу металлдарга бай экендигин далилдеп, Кыргызстанда тоо кендерин иштетүү тармагынын өнүгүшүнө чыйыр салганын айтып өттү. 

"Көрүнүктүү окумуштуу, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муса Адышевдин үзүрлүү эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, бир катар орден-медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Кыргыз элинин татыктуу уулдарынын бири, айтылуу Алымбек датка менен Курманжан датканын чөбөрөсү, Кыргыз ССР илимдер академиясынын академиги Муса Адышев улуттук илимдин башатында турган залкар илимпоздун бири катары кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат", — деп айтылат президенттин куттуктоо сөзүндө.

Муса Адышев 1915-жылы Ош облсунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Кезинде Илимдер академиясында кичи кызматкерден баштап мекемени жетектегенге чейин жеткен. Ал 1979-жылы дүйнөдөн каткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0