11:25 20 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3251
  • EUR79.3703
  • RUB1.0533
Кыргыз Республикасынын валютасы. Архив

Бала бакча кызматкерлерине айлык берүүдө мамлекетке 3 млн.сом зыян келтирилген

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
52 0 0

Ири каржылык көз боёмочулук жасалып, мамлекетке 3 миллион 148 миң сом зыян келтирилген.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Ош прокуратурасынын тергөө бөлүмү Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын бухгалтерлерине козголгон кылмыш ишин тергеп бүттү. 

Аталган билим берүү башкармалыгынын мектепке чейинки эсеп-кысап бөлүмүнүн бухгалтери жана башкы бухгалтери Кылмыш жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "документтерди жасалмалоо", "ишенип берилген мүлктү коротуу же ээлеп алуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Булар беш бала бакчанын кызматкерлеринин айлыгын берүүдө ири каржылык көз боёмочулукка барышып, мамлекетке 3 миллион 148 миң сом зыян келтиришкен. Бул каражат толугу менен мамлекетке кайтарылды.

Учурда бул кылмыш иши каралууда.

Тема боюнча

Жасалма диплому аныкталып калган мугалим милицияга пара берип жатканда кармалды
Ноокенде милициянын майору 100 миң сом пара талап кылып кармалды
Белгилер:
билим берүү, айлык-акы, бала бакча, кылмыш иши, Башкы прокуратура, Ош
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ