Нарында "менин сүйүктүү мугалимим" конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

© Sputnik / Юрий Сомов / Медиабанкка өтүүАнлис тил сабагы. Архив
Анлис тил сабагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакта мыкты мугалим 5-11-класска чейинки окуучулардын анкеталык сурамжылоосунун негизинде тандалат.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Нарын шаарында кечээ "Менин сүйүктүү мугалимим" сынагынын жыйынтыгынын негизинде жеңүүчүлөр аныкталды. Бул туурасында Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына таянып, Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Мугалим сабак өтүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда мугалимдердин айлыгы көбөйдү
Сүйүктүү эже, агайды тандоо "Билим Ордо" мугалимдер коомдук фонду тарабынан Нарын облусунун райондорунда билим берүү кызматкерлеринин арасында өткөрүлгөн. Натыйжада, жалпы 15 мугалим "Алтын медаль", 13 мугалим "Артыкчылык диплому" жана алты мектеп жетекчиси "Ардак грамоталары" менен сыйланды. 

"Менин сүйүктүү мугалимим" 2013-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Сынакта 5-11-класска чейинки окуучулардын анкеталык сурамжылоосунун негизинде ар бир мектептен жогорку добушка ээ болгон бирден мугалим жеңүүчү деп табылат. Аталган фонд мугалимдердин кесиптик майрамына карата Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын, Кочкор райондорунда жана Нарын шаарында 2015-жылдын сентябрь айында кароо-сынак өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0