Башкы прокуратура Бакиев боюнча тапшырмаларды кайра карап чыгууну Белоруссиядан талап кылды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКурманбек Бакиев жана Жаныбек Бакиев. Архив
Курманбек Бакиев жана Жаныбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белоруссиянын Башкы прокуратурасынын жообуна ылайык, республикалык маалыматтар топтомунда Марат Бакиев тууралуу эч нерсе табылган эмес. Анын жашаган жери тууралуу да эч кандай маалымат жок болуп чыкты. Мындан тышкары, Марат Бакиевдин Белоруссиянын чек арасынан өткөнү да катталган эмес.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы издөөгө алынган Марат Бакиевге карата буга чейин жөнөтүлгөн эл аралык тергөө тапшырмаларын кайра карап чыгуу өтүнүчү менен Белоруссиянын Башкы прокуратурасына кайрылганын аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, 2010-жылдан бери КР Башкы прокуратурасы Белоруссиянын укук органдарына бир нече ирет мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарына карата козголгон кылмыш иштери боюнча аларды Кыргызстанга өткөрүп берүү жана укуктук жардам тууралуу билдирмелер жөнөтүлгөн. 

Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча Кыргызстан ЕКПАнын колдоосун өтүндү
2013-жылы болгон эки тараптуу жолугушуулардын натыйжасында белоруссиялык тарап аталган жарандар боюнча жардам берүүгө даяр экенин билдирген. Мындан улам жыл аягы менен Курманбек Бакиевдин жакындарына, анын ичинде Марат Бакиевдин кылмыш иши боюнча эл аралык тергөө тапшырмалары жөнөтүлгөн.

Бирок Белоруссиянын Башкы прокуратурасынын жообуна ылайык, республикалык маалыматтар топтомунда Марат Бакиев тууралуу эч нерсе табылган эмес. Анын жашаган жери тууралуу да эч кандай маалымат жок болуп чыкты. Мындан тышкары, Марат Бакиевдин Белоруссиянын чек арасынан өткөнү да катталган эмес. 

Мындан улам жана буга чейинки сүйлөшүүлөрдү эске алуу менен КР Башкы прокуратурасы Марат Бакиевге карата эл аралык тергөө тапшырмаларын кайра карап чыгуу өтүнүчү менен Белоруссиянын Башкы прокуратурасына кат жөнөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0