00:42 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Портфельчен адам. Архив

Кыргызстандын УОК президенти азиялык спорттун маркетинг иштерин алып барат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
10 0 0

Азиянын Олимпиада кеңешинин курамында Абдыкеримовдон тышкары Кыргызстанды спортчу Садыр Мамытов, КР УОК башкы катчысы Канат Аманкулова жана Олимпиада комитети департаментинин жетекчиси Саламат Эргешов бар.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримов Азия олимпиадалык кеңештин (АОК) мүчөсү болуп шайланганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт комитети билдирди.

Ысык-Көл. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маалыматка ылайык, шайлоо 16-сентябрда АОКтун 34-башкы ассамблеясында өттү.

Абдыкеримов Азиянын олимпиадалык кеңешинде Крыгызстандын УОК кызыкчылыгын көздөп, спорт маркетингин башкарат.

Азиянын Олимпиада кеңешинин курамында Абдыкеримовдон тышкары Кыргызстанды спортчу Садыр Мамытов, КР УОК башкы катчысы Канат Аманкулова жана Олимпиада комитети департаментинин жетекчиси Саламат Эргешов бар.

Мындан тышкары, ассамблеяда шейх Ахмат Аль-Фахад Аль-Сабах Азиянын олимпиадалык комитетинин президенти болуп кайра шайланды.

Тема боюнча

2022-жылы кышкы Олимпиада оюндары Пекинде өтөт
Белгилер:
Борбордук Азия, комитет, олимпиада, УОК, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ