Өздөрү сатып жиберген телефонду кайра тартып алган милиционерлер колго түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековТелфондун жана АКШ доллары. Архив
Телфондун жана АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Телефонду Бишкектин ири соода түйүндөрүнүн бирине 24 миң 500 сомго сатып жиберишкен. Андан кийин алдын ала сүйлөшүп алышып, телефон уурдалды деп иликтөө иштерин жүргүзүп келишкен.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Ленин РИИБ менен Ысык-Ата РИИБнын эки кызматкерине кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди. 

Кишен акча менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбүз деп акча талап кылгандар колго түштү
Маалыматка ылайык, милиционерлер Н.А. аттуу жаранга тиешелүү телефонду Бишкектин ири соода түйүндөрүнүн бирине 24 миң 500 сомго сатып жиберишкен. Андан кийин алдын ала сүйлөшүп алып, телефон уурдалды деп иликтөө иштерин жүргүзүп келишкен. Мында телефондун уурдалганы тууралуу документ түзүлгөн эмес. 

Натыйжада үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда "тинтип жүрүп" милиционерлер "уурдалган" телефонду таап алышкан. 

Сатып алып жок жерден телефонун тарттырып жиберген жаран укук коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болгон.

Аталган факт боюнча Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0