Шайлоочулардын тизмесине бүгүнкү күнү 2,6 миллион адам кирди

© пресс-служба города ОшБиометрикалык маалыматтарды текшерүү. Архив
Биометрикалык маалыматтарды текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоодо добуш берүү алдында шайлоочу биометрикалык текшерүүдөн өтөт.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бүгүнкү күндө шайлоочулардын тизмесине биометрикалык маалымат тапшырган 2 миллион 595 миң 366 адам катталганын премьер-министр Темир Сариев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда биометрикалык маалыматты 2 миллион 710 миң 622 кыргызстандык тапшырган. 

"Дагы бир жолу эскертем, 20-сентябрга чейин ар бир жаран өзүн тизмеден текшериши керек. Андан кийин текшерүүгө кеч болуп калат", — деди өкмөт башчы.

Шаикова: шайлоочулардын тизмесин түзүү 20-сентябрда токтойт
Премьер-министр күч органдары шайлоо учурунда коомдук тартипке эле көз салбастан, саясий партиялардын шайлоочулар менен жолугушуусундагы тартипти да тескей турганын белгиледи.

2011-жылы өткөн акыркы президенттик шайлоодо 3 миллион 32 миң 666 кыргызстандык тизмеге кирип, анын 1 миллион 858 миң 632си гана добуш берүүгө катышкан.

2014-жылдын августунда башталган биометриклаык маалымат чогултуу жараяны 2015-жылдын 20-августунда аяктайт. Талапка ылайык, 16 жаштан жогору бардык жарандар манжа издерин, санарип сүрөтүн жана кол тамгасын тапшыруусу зарыл. Жалпы жонунан 3 миллион 641 кыргызстандыктын биометрикалык маалыматын алуу болжолдонууда. Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0