19:27 09 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR96.0093
  • RUB1.1521
Коом
Кыскача шилтеме алуу
96 0 0

"Восток-геолдобыча" компаниясы жергиликтүү калкты кен иштетүү боюнча иш планы менен тааныштырып, элдин суроолоруна жооп берди.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Дүйшөнбек Зилалиев Жерүй кенин иштетүүдө акыркы заманбап технологиялар пайдаланыларын билдирди дейт мекеменин маалымат кызматы.

Шейшемби күнү Талас облусунда мамлекеттик органдар жана "Восток-геолдобыча" ААКнын өкүлдөрү Жерүй алтын кенин иштетүүгө каршы чыгып жаткан жергиликтүү тургундар менен жолукту.

"Айыл жашоочулары экология маселелерине тынчсызданып, кенди иштетүүгө каршы чыгып жатышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Зилалиев кенди иштетүүдө экология коопсуздугунун маанилүүлүгүн белгилеп, маселе Талас облусунун жана жалпы Кыргызстандын пайдасына чечилиши керектигин кошумчалады.

"Жерүй кенин иштетүүдө экология коопсуздугун сактоо эң башкы максат. Бул үчүн заманбап технологиялар пайдаланылат", — деп билдирди Зилалиев.

"Восток-геолдобыча" компаниясы жергиликтүү калкка Жерүй кенин иштетүү боюнча иш планы менен тааныштырып, жашоочулардын суроолоруна жооп берди. 

Май айынын башында "Восток-геолдобыча" компаниясы сынакта Жерүй кенин иштетүү үчүн кен байлыктарды пайдалануу жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөөгө алуу укугун жеңип алган.

Жерүй алтындын запасы боюнча Кыргызстанда экинчи орунда туруп, мамлекеттик маанидеги кен байлыктардын тизмесине кирет. Кен иштетүүчүлөр сынактын негизинде тандалат.

"Восток-геолдобыча" ААК Муса Бажаевдин "Русская платина" мамлекеттик концернинин бөлүгү болуп саналат.

Тема боюнча

Жерүй боюнча доо арызды Эл аралык арбитраждык сотто кароо убактылуу токтотулду
Жерүй кенин россиялык "Восток-геолдобыча" ишкана иштетмей болду
Белгилер:
Талас, Дүйшөнбек Зилалиев, Жер-Үй алтын кени, алтын кени

ЭҢ МААНИЛҮҮ