Кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоочу көнүгүү тесттери иштелип чыкты

Жазылуу
Кыргызтест системасы кийинки жылдан тарта толук түрдө иштеп баштайт. Мамлекеттик кызматтарда иштеген жетекчилер тестти тапшырууга милдеттүү болушат.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоочу көнүгүү тесттери иштелип чыкканын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргызтест улуттук борборунун бөлүм башчысы Батма Топоева-Ставинская Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү аталган тест боюнча багыт берүүчү колдонмолор иштелип чыкты.

"Учурда тест боюнча түшүндүрмө бере тургон тогуз китеп иштелип чыкты. Аны менен кошо дисктерди да даярдадык. Бул колдонмо китептерди азыр министрликтер менен ведомстволорго жиберип жатабыз", — деди ал.

Топоева-Ставинскаянын айтымында, жыл аягына чейин көнүгүү тесттерин министрликтерде иштеген кызматкерлер келип тапшырса болот.

Кыргыз кийим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эгемберди Эрматов: быйыл Кыргыз тест системасы ишке кирет
Кыргызтест жөнөкөй (A1, A2), ортоңку (B1, B2) жана жогорку (C1, C2) деп деңгээлдерге бөлүндү.

Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу тест 2016-жылдан баштап толук иштеп баштайт. Ал эми 2017-жылдан тарта мамлекеттик кызматтарда иштеген аткаминерлер Кыргызтестти тапшырууга милдеттүү болушат.

Президент Алмазбек Атамбаев "2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө" жарлыкка 2014-жылдын июнь айында кол койгон. Аны ишке ашыруу үчүн бюджеттен 400 миллион сом бөлүү да каралган. 2015-жылы республикалык бюджеттен 236 миллион сом бөлүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0